Башкы беткеРубрикаларАймактарАраван районун тургундары акысыз медициналык кароодон өтүшөт

Араван районун тургундары акысыз медициналык кароодон өтүшөт

Араван районунда мобилдик мульти-диагностикалык комплекс ишин баштады. Анын алкагында райондогу 147 миңге жакын тургун акысыз медициналык кароодон өтө алат. Маалыматты Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Көчмө клиника төмөнкү заманбап жабдуулар менен камсыздалган: компьютердик томограф, маммограф, рентген аппараты, гастроскоп, лабораториялык жабдуулар.

Тургундарды 10дон ашык тармактагы дарыгерлер кабыл алышат. Алардын ичинде кардиолог, невролог, хирург жана стоматолог бар. Мындай мүмкүнчүлүктүн аркасында тургундар райондон чыкпай эле диагностикадан өтүп, дарыланууга жана зарыл болсо хирургиялык операцияларга мүмкүнчүлүк алышат.

Бул долбоор Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети, Ислам өнүктүрүү банкы жана Фаель Хаир фонду ортосунда түзүлгөн 5 жылдык келишимдин негизинде ишке ашырылууда.

Маалыматка ылайык, 2025-жылы бул мобилдик клиника өлкө боюнча 33 миңден ашык адамды текшерүүдөн өткөрүп, дарыгерлер 86 миңден ашык медициналык консультация беришкен. Көчмө клиника Араван районунда үч ай кызмат көрсөтөт, андан кийин Кочкор районуна жөнөтүлөт.

Гезит

Реформатор редактор, таланттуу калемгер

А.Матисаковду эки чылбырды бирдей кармаган чабандес сыяктуу жазуучулук менен журналисттик кесипти эриш-аркак алып жүргөн калемгер деп айтсак болот. Ага “Ленинчил жаш” газетасы журналисттик мектеп...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар