Барскоон айылынын көчөлөрүн жарыктандыруу үчүн тендер жарыяланды. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталы билдирди.
Маалыматка ылайык, 4 млн 407,6 миң сом бөлүү каралган. Тендерге сунуштарды берүү мөөнөтү 23-июль күнү кечинде бүтөт.
Иш келишимге кол коюлган күндөн тартып 20 календардык күндүн ичинде бүткөрүлүшү керек.

