Башкы беткеРубрикаларАймактарОш мэри 17 жыл вагондо жашаган үй-бүлөгө үй белек кылды

Ош мэри 17 жыл вагондо жашаган үй-бүлөгө үй белек кылды

Ош шаарындагы Абдыкадыров көчөсүндөгү көпүрөнүн астында вагондо 17 жылдан бери жашап келе жаткан 67 жаштагы Акболуш Эржигитов менен Базаргүл Эржигитова үйлүү болушту. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев таңкы шаар кыдыруусунда көпүрө астындагы кичинекей вагондо жашаган үй-бүлөгө көзү түшүп, ал абалын сурап билген соң, 2-3 күн аралыгында батирлүү кылып, көчүрүп кетүүнү убадалаган.

Кечээ шаар мэри убадасын аткарып бул үй-бүлөгө бир бөлмөлүү батир алып берип, ачкычын тапшырды.

Вагондо Акболуш Эржигитов келинчеги жана кызы, эки небереси менен жалпы беш адам жашап келген.

Гезит

Волны из Ормуза доходят до Бишкека

              Глобальные экономические события последней недели наглядно показали, насколько тесно связаны мировые энергетические рынки и повседневная жизнь в...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар