Башкы беткеМаанилүүПрезидент: "Бизде дин эркиндиги, демократия да бар, адам укуктары да сакталат"

Президент: «Бизде дин эркиндиги, демократия да бар, адам укуктары да сакталат»

Кыргызстанда адам укуктары сакталат, демократия жана дин эркиндиги да бар. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Европарламенттин адам укуктары боюнча кичи комитетинин депутаттарынын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, Европа өлкөлөрүнүн айрымдарына караганда Кыргызстанда демократия да, сөз эркиндиги да бар.

«Криминал менен күрөшкөндү белгиледиңиз. Бизде акыркы 30 жылда чын-чынын айтканда, бийлик эле эмес криминал дагы башкарып келген. Анткени бийлик криминалдар менен биригип алып башкарган. Биз акыркы үч жылдын ичинде криминалды түп-тамыры менен жок кылдык. Бүгүн бизде криминал жок деп айтсам жаңылышпайм. Бизде дин эркиндиги, демократия да бар, адам укуктары да сакталат. Сиздер кошуна өлкөлөр менен эле салыштырып айтып жатасыздар. Мен айтат элем, Европа өлкөлөрүнүн айрымдарына караганда, бизде демократия да бар, сөз эркиндиги да бар, журналисттердин укуктарын да жакшы корголот», — деди Садыр Жапаров.

Гезит

Казакстандан кат (ЖУСУП АБДРАХМАНОВ)

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ               Казакстандын Көркөм Академиясы азыркы кыргыз мамлекетинин негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз АССРнын Совнаркомунун төрагасы, 1932-1933-жылдардагы Казакстандагы...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар