Президент Садыр Жапаров 26-февралда Европа парламентинин делегациясы менен болгон жолугушууда Кыргызстандагы сөз эркиндигинин, адам укуктарынын абалы тууралуу баарлашты.
Европа парламентинин мүчөлөрү Социал-демократтар партиясынын абакта жаткан лидери Темирлан Султанбековдун ишине «жашыруун» грифи коюлуп калганына кабатырлыгын билдиришти.
Мамлекет башчы Садыр Жапаров «Социал-демократтар» партиясынын абактагы лидери Темирлан Султанбековдун кылмыш ишине «жашыруун» грифи коюлганынан маалыматы жоктугун айтты.
“Темирлан Султанбековдун ишин жашыруун кылып коюптурсуңар деген дооматтарды айтып жатасыздар. Себеби, азыр материалдардан да көрөсүздөр, биз дагы Евробиримдик, Социнтерн менен мамилебизди бузгубуз келбейт. Бишкек, Ош шаарларында өткөн жергиликтүү кеңештерге депутаттык жарышта Социнтерн каржылаган фактылар бар. Эми анын барын сот ачык карай турган болсо, анда бүт ачыкка чыгыш керек болот. Анда биз Евробиримдик менен дейбизби, Социнтерн менен дейбизби мамилебиз бузулуп калышы мүмкүн. Биз да аны каалабайбыз, ошондуктан тергөө органдары менен сот ушундай чечим кабыл алса керек деп ойлойм. Жашыруун кылып койгонун билбейм, сиздерден угуп жатам”,- деди Садыр Жапаров.

