Башкы беткеСаясат жана коомКоомМэрия автобуста жол кире төлөбөгөндөргө 1 миң сом айып салынарын эскертти

Мэрия автобуста жол кире төлөбөгөндөргө 1 миң сом айып салынарын эскертти

Бишкекте коомдук унаага түшкөн жүргүнчүлөрдүн жол кире төлөп-төлөбөгөнү текшерилүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Текшерүү Транспорт жана жол-транспорт инфрастүзүмүн өнүктүрүү департаментинин, «Бишкек шаардык транспорт» ишканасынын, милиция кызматкерлери жана «Тулпар» картасынын адистери тарабынан жүргүзүлүүдө. Эгер жүргүнчү жол кирени төлөбөгөнү аныкталса, ал айыпка жыгылат.

Укук бузуулар кодексинин 199-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык, муниципалдык коомдук транспортто жол кире төлөбөгөндөргө 1 миң сом айып салынат.

Мэрия жарандардан жол кирени карта же QR-код аркылуу төлөөнү өтүнөт. Накталай төлөгөн учурда талонду алууну унутпоону эскертет.

Гезит

Казакстандан кат (ЖУСУП АБДРАХМАНОВ)

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ               Казакстандын Көркөм Академиясы азыркы кыргыз мамлекетинин негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз АССРнын Совнаркомунун төрагасы, 1932-1933-жылдардагы Казакстандагы...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар