Башкы беткеМаанилүүЖумашбек уулу күмүш, дагы эки балбан коло утту

Жумашбек уулу күмүш, дагы эки балбан коло утту

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча балбандары Албанияда өтүп Muhamet Malo рейтингдик мелдешинин биринчи күнүндө 3 медаль утту.

Мелдеш 26-февралда Тирана шаарында эркин күрөш боюнча таймаштар менен башталды.

Турнирдин биринчи күнүндө кыргызстандык 10 балбан килемге чыгып, алардын үчөө байгелүү болду.

65 кг салмакта Тайырбек Жумашбек уулу финалга чейин жетип, бирок атаандашына жеңилип, күмүш байге тагынды. Ушул эле салмакта Билол Шарип уулу коло утту.

Ошондой эле 57 кг салмакта Алмаз Сманбеков колого татыды.

Эскерте кетсек, 26-февралда башталган Muhamet Malo рейтингдик мелдеши 2-мартта жыйынтыкталат. Бүгүн мелдештин экинчи күнүндө кыргызстандык спортчулар күрөшпөйт.

Гезит

Социалдык тармактар экстремисттик жана террористтик уюмдардын заманбап куралына айланууда

Туура, азыр социалдык тармактарсыз жашоо жок. Бул реалдуулук. Адамдар кыска, тез тарама, анча акылды талап кылбаган тексттерге байланды да калды. Бул жагдайды экстремисттик, кылмыштуу...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар