Башкы беткеМаанилүүСатыев: "Сот адилеттүүлүгүнүн сапатын жогорулатуу негизги максат"

Сатыев: «Сот адилеттүүлүгүнүн сапатын жогорулатуу негизги максат»

Өлкөдөгү сот адилеттүүлүгүнүн сапатын жогорулатуу негизги максат. Бул тууралуу Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев Кыргыз Республикасынын судьяларынын ХIII курултайында билдирди.

Анын айтымында, 2023-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот адилеттигин өнүктүрүү боюнча мамлекеттин максаттуу программасын ишке ашыруу планына ылайык, сот тутуму сот адилеттигинин ачык-айкындуулугун, көз карандысыздыгын жана натыйжалуулугун жогорулатуу курсун улантып жатат.

“Сот бийлигине коомдо адилеттүүлүктү орнотуу милдети жүктөлгөн. Бул өтө жооптуу, оор жана чоң көңүл бурууну талап кылган милдет. Бул коомчулуктун жана жарандардын талабы. Сот органдарына келип жаткан кайрылуулар жана соттор тарабынан каралып жаткан иштердин саны жылдан-жылга көбөйүүдө. Андыктан, жарандардын сотторго болгон ишенимин жогорулатып, сот системасынын натыйжалуулугу өсүп жаткандыгына негиз бар. Бүгүнкү курултайда сиздер соттор кеңешинин ишмердүүлүгүнө байланыштуу маалыматтар жана жүргүзүлгөн анализдер менен таанышасыздар”, — деди Медербек Сатыев.

Гезит

Социалдык тармактар экстремисттик жана террористтик уюмдардын заманбап куралына айланууда

Туура, азыр социалдык тармактарсыз жашоо жок. Бул реалдуулук. Адамдар кыска, тез тарама, анча акылды талап кылбаган тексттерге байланды да калды. Бул жагдайды экстремисттик, кылмыштуу...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар