Башкы беткеСаясат жана коомКоомБишкек интернетсиз калабы? Мэриянын түшүндүрмөсү

Бишкек интернетсиз калабы? Мэриянын түшүндүрмөсү

Буга чейин провайдерлердин өкүлдөрү демонтажга аз убакыт берилгендиктен шаардыктар интернетсиз калышы мүмкүн экенин айтып коңгуроо кагышкан.

Бишкек шаарынын мэриясы интернет-провайдерлерге зымдарды демонтаждоого 48 саат берилгени боюнча түшүндүрмө берди.

“Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Талантбек Капаров билдиргендей, провайдерлерге демонтаж боюнча эки жолу расмий кат жөнөтүлгөн. Аларга февралдын башында 1-мартка чейин убакыт берилип, кийин мөөнөт 31-мартка чейин узартылган.

Капаровдун айтымында, мындай иш-чара “Таза асман” долбоорунун алкагында жана Көчмөндөр оюндары менен ШКУнун саммитине даярдыкка карата жүрүүдө.

Интернет зымдары Жибек Жолу, Айтматов/Манас, Абрахманов/Байтик баатыр, Чүй проспектилеринин, Горький, Ахунбаев жана Ауэзов көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрүндө алынууда.

Гезит

Волны из Ормуза доходят до Бишкека

              Глобальные экономические события последней недели наглядно показали, насколько тесно связаны мировые энергетические рынки и повседневная жизнь в...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар