Бүгүн, 10-апрелде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Гюнтер Кричбаумду кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-герман кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Анын ичинде соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык багыттардагы өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Ошондой эле жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун маанилүүлүгү жана “Борбор Азия – Германия” форматындагы диалогду бекемдөө зарылдыгы белгиленди.
Адылбек Касымалиев Кыргызстан Германия менен гидроэнергетика, айыл чарба, транспорт, логистика, инфраструктура жана туризм тармактарында кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу өнөктөштүктү мындан ары чыңдоого жана биргелешкен демилгелерди иш жүзүндө алдыга жылдырууга даяр экенин ырасташты.
