4-июнда Японияда ЭКСПО-2025 көргөзмөсүнө байланыштуу сапарынын алкагында Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов эки тараптуу расмий жолугушууларды өткөрдү.
Байсалов Япониянын Министрлер Кабинетинин башкы катчысы Ёсимаса Хаяси менен жолукту. Тараптар саясий диалог, экономикалык кызматташтык, инфраструктура жана гуманитардык долбоорлор тууралуу сүйлөшүштү.
Ал эми JICA уюмунун улук вице-президенти Сачико Имото менен билим берүү, саламаттыкты сактоо жана кадрларды даярдоо жаатындагы кызматташууну талкуулады.
Ошондой эле Эдил Байсалов Осака шаарында өтүүчү Кыргызстандын Улуттук күнүнө арналган иш-чараларга даярдыкты да көзөмөлдөдү.
Тактап кетсек, Бүткүл дүйнөлүк ЭКСПО-2025 көргөзмөсү 13-апрелден 13-октябрга чейин Осакада өтүүдө. Көргөзмөнүн урааны — «Биздин жашообуз үчүн келечек коомду долбоорлоо». Кыргызстандын Улуттук күнү 6-июнга белгиленип, маданий жана ишкердик иш-чаралар менен коштолот.