Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыШвейцария Орусиянын “көмүскө флотуна” каршы санкцияларга кошулду

Швейцария Орусиянын “көмүскө флотуна” каршы санкцияларга кошулду

Швейцария Евробиримдик кабыл алган Орусияга каршы 17-санкция пакетине кошулганын расмий билдирди. Жаңы чаралар 17 жеке жана 58 юридикалык жакка тиешелүү болуп, алардын Швейцариядагы активдери тоңдурулуп, өлкөгө кирүүсүнө жана транзитине тыюу салынат. 

Швейцария өкмөтүнүн расмий сайтындагы маалыматка ылайык, санкцияга Орусиянын коргонуу өнөр жайы менен байланышы бар адамдар жана уюмдар да кирди.

Мындан тышкары, санкциялар үчүнчү өлкөлөргө катталган 189 кемени да камтыды. Бул кемелер “көмүскө флот” катары эл аралык чектөөлөрдү айланып өтүп, мунай ташууга колдонулуп келген.

Швейцария 31 компанияга карата да экспорттук көзөмөлдү күчөттү, алардын айрымдары Евробиримдикке кирбеген өлкөлөрдөн.

Гезит

Волны из Ормуза доходят до Бишкека

              Глобальные экономические события последней недели наглядно показали, насколько тесно связаны мировые энергетические рынки и повседневная жизнь в...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар