whatsapp: +996 501 86 00 89
call-squared
тел: +996 508 07 07 20
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
16.02.2026
14.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомЭнергетика министрлиги электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды

Энергетика министрлиги электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды

Энергетика министрлиги калкты электр энергиясын үнөмдүү колдонууга чакырат.

Ведомстводон билдиришкендей, 20-февралда «Токтогул» ГЭСинин бир гидроагрегаты реконструкцияга берилип, кубаттуулук 300 МВт кыскарды.

Реконструкция иштери аяктагандан кийин «Токтогул» ГЭСнин кубаттуулугу дагы 60 МВтка көбөйөт. ТГЭСтин бардык 4 гидроагрегатын алмаштыруу менен реконструкция долбоору толугу менен аяктап, 2025-жылы станциянын кубаттуулугу 1440 МВт түзөт. Кошумча 240 МВТ кубаттуулук кошулат.

Ал эми 10-мартта «Үч-Коргон» ГЭСинин бир гидроагрегаты реконструкцияга берилсе, 45 МВт кубаттуулук кыскарат. ГЭСтин гидроагрегатынын кубаттуулугу оңдоп-түзөө иштеринен кийин 9 МВтка көбөйөт. Эскилиги жеткен гидроагрегаттар 1962-жылы ГЭС курулгандан бери бир да жолу реконструкциядан өткөн эмес.

Белгилей кетсек, реконсрукциялоонун негизги максаты эскилиги жеткен жабдууларды жаңылоо, ГЭСтин кубаттуулугун көтөрүү жана калкка үзгүлтүксүз электр энергиясын жеткирүү болуп саналат. Реконструкция иштерин 2025-жылдын декабрь айларына аяктоо пландалууда.

«Буга байланыштуу министрлик жалпы абоненттерден таңкысын 7:00-9:00, кечкисин 18:00-21:00 убакыт аралыгында электр энергиясын үнөмдөп турууну өтүнөт. Бул аралыкта электр жарыгы эң көп колдонулгандыктан системага күч келиши мүмкүн. Андыктан бул сааттарда электр энергиясы менен иштеген баардык жабдыктарды бир учурда иштетпей туруу — чыңалууну алдын алат»,-деп айтылат маалыматта.

Гезит

Кышты көркөмдөгөн Олимпиада

Бул айда дүйнөнүн спорт сүйүүчүлөрүнүн көңүлү Италияга бурулду. Милан жана Кортина-д’Ампеццо шаарлары Кышкы олимпиада оюндарына кожоюн болуп, адамзаттын эң ири спорттук майрамдарынын бирин өткөрүүгө...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар