Башкы беткеЖогорку Кеңеш"ЖМК мыйзамын" ЖКнын дагы бир комитети колдоду

«ЖМК мыйзамын» ЖКнын дагы бир комитети колдоду

Бүгүн, 3-марттагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда колдоо тапты.

Мыйзам долбоору боюнча Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев маалымат берди.

ЖМКларды каттоо, кайра каттоо жана ишин токтотуу, маалыматка жетүү, жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишин уюштуруу ченемдерин жана журналисттердин кесиптик ишмердигине байланыштуу башка ченемдерди тартипке келтирүү сунушталууда. 11-февралда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети аталган мыйзам долбоорун карап, биринчи окууда колдогон.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар