whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
07.11.2025
3.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларАймактарТар дарыядагы таштанды

Тар дарыядагы таштанды

Айылга айлап-жылдап бир баргангабы, абасы да, суусу да бир башкача сезилет. Тоо таштарга, жаратылышка суктанып, бала кездеги баскан издеримди издеп, эстеп келем. Менин кичи мекеним Кара-Кулжам, кол жеткис бийиктикте, керемет кооздукта кала берсе дейм. Эч бир жан жамандык көрбөсө дейм. Жаманын жашырып, жакшысын ашырсам экен дейм. Бирок, бир көйгөй көзүмө урунду. Элдин ден соолугу үчүн да, тазалык үчүн да муну айтпасам болбос.

Кара-Кулжа-Алайкуу жолунда, тагыраагы Сай айылы менен Чалма айылынын ортосунда, Шимекте, дал жол боюн-да таштанды төккөн жай бар экен. Жолдон өтүп баратканда жыт мурдуңду өрдөп, көңүлүңдү бузат го чиркин. Анан калса, кышта, жазда сел жүргөндө, бур-кан-шаркан түшкөн суу дал ушул жерден агып,  ары жактагы Тар дарыясына кошулат. Ал эми Тар дарыясы канчалаган айыл тургундарына суу, өмүр берип келет. Ошол таштандыдан ылдыйкы айыл тургундары дарыядан суу алып ичкенден айбыгып калышыптыр. Эгер, бул таштандыны тез арада жоготпосо, Тар дарыя агып өткөн бүт өрөөн элинин саламаттыгына зыян келет.

Менимче айыл өкмөт таштанды таштаганга ушул жерди тандаган сыягы. Эгер андай болсо, тандоосу таптакыр туура эмес. Бул таштанды абаны бузуп, сууну булгап, адам өмүрүнө зыян келтирерин андагы айыл өкмөт, аким билбейби? Билсе, мындай мамиле кылбас эле. Жөнөкөй жолдон өткөн жолоочу көрүп, билип турбайбы. Кең Ылай-Талаа, Чалма жергесинде жолдон, суудан алыс, коопсуз жер табылбай калганбы? Акимге, айыл өкмөткө кулак кагыш. Таштандыны Тар дарыясынан алыс төксөңөр боло…

Керим АЙДАРОВ, «Кыргыз Туусу»

Гезит

Диана Талгарбек кызы: “Бүгүнкү кыргыз жаштары аракетчил, жаңы идеяларга бай, тил үйрөнүүгө шыктуу жана күчтүү”

Өткөн жумада Президент Садыр Жапаров өлкө ЖОЖдорунун 92 мыкты студентине президенттик стипендия тапшырды. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде, инженердик техникалык факультетинин агроинженериядагы экономика...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар