Кичи мекеним Кара-Кулжага көптөн бери бара элек элем. Жолду ката бир топ өзгөрүүлөргө күбө болдум. Мени кубанткан Өзгөн – Мырза-Аке – Кара-Кулжа автожолу болду. Азыркы тил менен айтканда, 30 жылда мындай иш болгон эмес. Аталган бул жол, калп айтпасам тээ СССР кезиндеги асфальт менен турган. Жылда жамаачыланып турчу. Катуу жамгыр жааганда айрым жерлерди сел алып кетчү…
Президент Садыр Жапаров, түштүктөгү стратегиялык жолдорду реконструкциялоого акча бөлүп, тез арада курууну талап кылган эле. Ага Өзгөн-Мырза-Аке-Кара-Кулжа жолу да кирген. Президенттин сөзү эки болбой, иш абдан тездик менен жана мыктылап курулуп жатат.
Учурда, Кыргызавтожол-Түштүк мамлекеттик ишканасына караштуу, жалпы узундугу 34 чакырымды түзгөн бул жолдун капиталдык оңдоо иштери этап-этабы менен жүргүзүлүп жатыптыр. Өзгөн шаарынын ичиндеги 4 км жол, 4 тилке болуп кеңейтилип, толук асфальтталып бүтүптүр. Эми чеке белин иретке келтирип, ак сызыкты чийип койсо жол көркүнө келет.
Ал эми Мырза-Аке жана Кара-Кулжа айылдарынын аймагында асфальттоо иштерине даярдык катары жер жумуштары (тегиздөө, негиздөө, кум-шагыл төшөө ж.б.) жүргүзүлүп жатат. Эски жолду атайын стандартка ылайыктап, 60-70 см шагыл менен бийиктетишкен. Сел жүрүп, жолду алып кетчү кооптуу жерлерге атайын чоң турбалар коюлуп, көпүрөлөр салынып жатат. Айрым жерлерине асфальт төшөө иштери башталды. Мен Кара-Кулжа тарапка өткөндө жолду тегиздеп, шагыл төшөп атышкан. 2 күндөн кийин кайра Бишкекке жол тарттым. Жолдун бир топ жерлерине асфальт төшөө иштерин баштап калышыптыр. Бул кетиште 1-2 айга жетпей эле иштин өтөсүнө чыгат го деп турам. Баса, байкашымча жумушчулар кыргызстандыктар, кыргыздар экен. Иштесе болот экен да. Жолдогу жолчулар менен да баарлаштым. Кубандым, тилегимди айттым. Иш илгери болсун жолчулар!
Керим АЙДАРОВ, «Кыргыз Туусу»

