Депутат Дастан Бекешев өлкөдө төрөттү стимулдаштыруу максатында бала төрөлгөндө берилүүчү бир жолку «Балага сүйүнчү» төлөмүн 4 миң сомдон 10 миң сомго чейин жогорулатууну сунуштады.
Анын айтымында, жылына болжол менен 150 миң бала төрөлөт. Учурда бир жолку жөлөкпул үчүн жыл сайын казынадан болгону 600 миллион сом сарпталат.
Эл өкүлү төлөмдү жок дегенде 10 миң сомго чейин көтөрүү керектигин белгилеп, бул үчүн кошумча жылына 900 миллион сом талап кылынарын айтты.
“Эгерде бизде төрөлүү азайып жатса, ушул жерден башташ керек. Элде жок дегенде алгачкы чыгымдарга акча болсун”, — деди Бекешев.
Каржы министрлиги депутаттын суроосуна жооп берип жатып, 1-июлдан тарта 3 жашка чейинки балдар үчүн ай сайын 1,2 миң сом өлчөмүндө жөлөкпул киргизилерин эске салды. Бул максатка бюджеттен 10 миллиард сом бөлүнөт.
Ошондой эле министрлик “Балага сүйүнчү” төлөмүн көбөйтүү маселеси 2027-жылга бюджет түзүүдө, киреше-чыгашалар так эсептелгенден кийин каралышы мүмкүн экенин кошумчалады.

