Башкы беткеРубрикаларАймактарАсылдуу өрөөн кор болбойт

Асылдуу өрөөн кор болбойт

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 5-июнундагы жарлыгы менен бекитилген 2030-жылга чейин  Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасына ылайык, Чаткал районундагы Каныш-Кыя – Кара-Буура автожолун куруу башталды. 16  чакырымдык татаал тоо жолунда жардыруу, тешүү, бир көпүрө, суу темир-бетон түтүктөрүн орнотууга 1 млрд. 700 млн. сом каралды.

Кара-Буура ашуусунун бийиктиги 3305 метр. Ашуу июнь айында ачылып, кайра сентябрда жабылат. Ашууда 8 чарчы чакырым болгон майда мөңгүлөрү жатат.

Өзбекстандын жетекчилиги, СССР энергетика министрлигинин, СССР айыл жана суу чарба министрлигинин колдоосу боюнча «Гидропроект», «Главниипроект» долбоорлоо  институттары Чаткал дарыясына суу сактагыч жана ГЭС курганга 1961-жылдан баштап иш жүргүзүп келишкен. Албетте Кыргызстандын жетекчилери буга каршы чыгып, фактылар, күчтүү аргументтер менен республиканын кызыкчылыгын коргоп калышкан.

Союздук жогорку органдарына даярдалган Кыргызстан КП БКнын катында, СССР энергетика министрлигинин «Гидропроэкт» институту  тарабынан Нарын дарыясында  18 электростанция долбоорлонуп, анын кубаттуулугу жылына 30 млрд. киловатт-саат союздагы эң арзан  электр кубатын иштеп чыгара тургандыгы, жетинчи, сегизинчи беш жылдыктын мезгилинде кубаттуулугу 220 миң киловатт Үч-Коргон, Ат-Башы ГЭСтери курулуп, тогузунчу беш жылдыкта кубаттуулугу  1,2 млн. киловатт Токтогул ГЭСи, 19 млрд. куб. м. сыйымдуулугу бар суу сактагычы менен  курулуп жаткандыгы, 1975-жылы 800 миң киловатт  кубаттуулугу бар Күрпсай ГЭСинин курулушу  башталарын, азыркы мезгилде Орто Азиядагы эң кубаттуу 2 млн. кВт., 9 млрд. куб. суу сактагычы менен эки Камбарата ГЭСтери, ошондой эле кубаттуулугу 450 мин. кВт. – саат Таш-Көмүр  ГЭСтеринин долбоорлоо иштери бүткөрүлүп, курулуу алдында тургандыгын,  Чаткал дарыясында ГЭСти жана суу сактагычты куруунун илимий-өндүрүштүк зарылчылыгы жок экендиги далилденип айтылган.

Натыйжада Орто Азия республикаларын туруктуу арзан электр энергиясы менен гана камсыз кылбастан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстанга 500 миң гектар айдоо жер жаңыдан өздөштүрүлүп, 1,5  млн. гектар аянтты суу менен камсыздоону жакшырта тургандыгы жеткире далилденген.  Кайрылуубуздун негизинде Кыргыз ССРинин жана Өзбекстан ССРинин койгон маселелерин талкуулоо үчүн КПСС БКнын саясый бюросунун чечими менен «Чаткал чатагы» өтө кооптуу болгондугуна  байланыштуу СССР Министрлер Советинин Председатели Алексей Николаевич Косыгиндин жетекчилиги боюнча чоң комиссия түзүлгөн. Талашка түшкөн эки коңшу республиканын жетекчилеринин, союздук тийиштүү министрликтердин, окумуштуулардын жана СССР Министрлер Советинин жооптуу кызматкерлеринин талкуусунда Кыргызстан КП БКнын, Кыргыз Өкмөтүнүн даярдаган каты окулуп, илимий-өндүрүштүк талаш-тартыштан кийин, комиссия Чаткал дарыясына суу сактагычты, ГЭСти жана башка инфраструктураларды куруунун зарылчылыгы жок деген акыйкат тыянакка токтошкон. Убагында көсөм жетекчи Алексей Косыгиндин башкаруусундагы калыстык менен чечилген  саясый-өндүрүштүк жыйынтыкка  жалгыз чаткалдыктар эле эмес, мүлдө Кыргызстандын эли-журту чексиз ыраазы болушкан.

Чаткал өрөөнүн кескин көтөрүү максатында Кыргызстан КП БКнын жана Министрлер Советинин токтомунун негизинде Чаткал району  түзүлдү. 1971-жылы жалгыз Чаткал совхозу болсо, кийин «Ак-Таш», «Беш-Арал», «Башкы-Терек», «Чаткал» мал чарба станциясы, кесиптик-техникалык окуу жайы уюштурулуп, нан, кирпич заводдору, турак жайлар, оорукана, мектеп, бала бакчалар, 150 чакырымдык  Чаткал-Ала-Бука- Киров авто жолдору пайдаланууга берилди. Жаңыдан телефон станциялары курулду.  Алабукадан жогорку чыңалуудагы электр энергиясы Чаткал өрөөнүнө тартылып келинди.

1979-жылы ааламда сейрек кездешүүчү уникалдуу өрөөндү сактап калуу максатында  «Беш-Арал» мамлекеттик коругу уюшулган. Аянты  116.7 миң гектар. Жылдык жаан чачын 500-700-900 мм. чейин жаайт. Токой жана сейрек токой массивдери 30 миң гектар жерди ээлейт. Флоранын 300 түрү бар, анын 30у чанда кездешүүчүлөрдөн. Коруктун аймагында өсүмдүктөрдүн  айрым баалуу түрлөрү СССРдин Кызыл  китебинде катталган. Жаныбарлар дүйнөсүнө өтө бай. Мында аркар-кулжа, тоо эчки, элик, кашкулак, кара суур, кызыл карышкыр, күрөң аюу, кундуз, илбирс, сүлөсүн, суусар, суу күсөн, мадыл мекендейт. Канаттуулардан бүркүт, бакачы куш, ылаачын, ителги, жору да бар. Алардын бардыгы СССРдин Кызыл – ыйык китебинде катталган. Чаткал районунун табиятын коргоо үчүн дагы Чанач, Чандалаш коруктары уюштурулган.

Республиканын экономикалык колдоосу күчөгөндөн баштап, райондон көчүп кеткендер токтоп, кайра көчүп келгендер арбыган. 1976-жылы Чаткалда 9 миң адам болсо, 1988-жылы жашоочулардын саны 20 миңден ашкан.

Сугат аянттарын кеңейтүүгө,  «Арал», «Кайыңсуу», «Түлөберди», «Тегирмен Сай», «Чоң-Тектир», «Аксуу», «Карасуу», «Аюу-Чач» каналдары курулду. Кыска мөөнөттө коомдук малга стандарттуу  200дөн ашык  короо сарайлар тургузулду.  Малдын саны кескин көбөйдү.

Чаткал өрөөнү узундугу 200 км, туурасы 20 км.дей, жалаң асман тиреген бийик тоолорго, касиеттүү мөңгүлөргө, алардан агып чыккан көк кашка таза сууларга, альпы жайыттарына, көз жоосун алган  токойлорго, аларга байырлаган миң түркүн  тукаба сымал кулпунган жапайы чыккан дарылык касиеттери табылгыс чөптөргө,   байыртадан мекендеген жапайы жан-жаныбарларга гана эмес, жер алдындагы табылгыс кымбат баадагы  кен байлыктары: алтын, күмүш, цинк, коргошун, сурьма,   курулуш материалдары жана башка сейрек кездешүүчү кымбат баадагы элементтерге    дагы  бай экендиги илгертеден  эле жашагандарга белгилүү болгон.

Нарын дарыясынан тагдырлаш өзбек туугандарыбыз  жыл сайын 7,7 млрд. кубометр сууну, анын ичинен вегетация мезгилинде 5 миллиардын алышат. Үч-Коргон ГЭСиндеги суу сактагычтан  Өзбекстандын Чоң Наманган каналы аркалуу секундасына 60 кубометр сууну же жыл боюнча 360 млн. сууну пайдаланышат. Суу бөлүштүрүүчу башкы гидросоружениянын бардыгы кыргыз жеринде курулган.

Алардан тышкары Өзбекстан кыргыз тоолорунан агып келген төмөңкү 12 дарыялардан жыл сайын үзгүлтүксүз суу алып турат:

  1. Майлы-Суудан орточо агымы болгон секундасына 290 млн. кубометрдин 33 миллионун;
  2. Акбура дарыясынын секундасына 672 млн. кубометрдин 76 кубометрин;
  3. Араван сайдын – 483 млн. 32 млн. кубун;
  4. Исфайрамсайдын – 684 млн. кубдун 312 млн.;
  5. Шахимардан -366 млн. кубдун 136 млн.;
  6. Падыша-Атадан – 232 млн. 155 млн. кубун;
  7. Касансайдан – 303 млн. 216 млн. кубун алышат. Суу сактагыч кыргыз жеринде курулган.
  8. Сох дарыясынан – 1357 млн. кубдун 993 млн.;
  9. Исфарадан – 467 млн. кубдун 27 млн.;
  10. Кара-Үңкүрдөң – 983,9 млн. кубдун 788,4 млн.;
  11. Карадарыянын – 3 298 млн. кубдун бардыгы тең кыргыз жеринде курулган Анжиян суу сактагычы аркалуу Өзбек талааларына
    тарайт.
  12. Чаткал дарыясынын жылдык орточо чыгымы секундасына 122 метр куб болуп, кубаттуулугу боюнча Нарын, Сары-Жаздан  кийинки үчүнчү  орунду  ээлейт. Чаткалдан агып чыккан  3847 миллион куб суунун  99 пайызы  өзбек кошуналарыбызга  бекер кетип, Ташкенттин жанындагы,  көлөмдүү Чарвак суу сактагычын толтурат.

Жыйынтыгында, Нарын дарыясынын алабынан коңшуларыбыз 8,5 млрд. сууну жана башка 12 дарыя, 8 каналдан, суу сактагычтардан  дагы 12 млрд.  кубометр сууну үзгүлтүксүз алышат.

Тагдырлаш жашаган эки бир тууган: өзбек-кыргыз республикаларынын бирине-биринин ажайып зарылчылыгын атайылап баса көрсөттүм. Чаткал районунун келечегин түбөлүккө туура  чечиш максатында, аталган дарыядан чогулган Чарвак суу сактагычындагы авто жана темир жол  станциясынан баштап, биздин аймакка чейинки аралык болгону таштак 20 чакырымды түзөт. Андан ары Чаткал дарыясынын сол тарабы менен Жаңы-Базар айылына чейинки 70 чакырымдык жолду улантуу талабы бар. Ортодо жылдык орточо чыгымы 8,8 секундасына куб болгон Терс суусуна көпүрө куруу зарылчылыгы бар.

Жогоруда көрсөтүлгөндөй Чаткал өрөөнүнүн потенциалдык мүмкүн­чүлүктөрү зор. Темир жана автожолуна курууга  кетирген чыгымдар болжолу 5-6 жылдан  ашпай акталат.

Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев бийликке келгенден тарта, эгемен республикабыздагы отуз жылдык аёосуз талкалоону токтотуп, чакан өлкөбүздө олуттуу өсүш башталды. Кийинки төрт жылда, киреше жана экономика үч эселеп, жылдык ИДП 9% жогору деңгээлге  жетип турганы ар бир жараныбызды толкутуп, кубандырбай койбойт.

Президентибиз Садыр Жапаровдун Өзбекстандын президенти Шавхат Мирзиёев менен карым катнашы, мамилеси өтө жакшы деңгээлде. Көптөгөң жер-суу байлыктарыбыздын үзүрүн бекер пайдаланып жаткан коңшуларыбыз жыйырма чакырым аралыкка авто-темир жол линиясын алып өтүүгө, каршылык көрсөтпөс деген ниеттемин.

Мырзабек КАСЫМАЛИЕВ,
Жогорку Кеңештин экс-депутаты

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар