Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлердин сүйлөө жана жазуу маданияты көңүл бөлө турган көйгөй. Мамлекеттик кызматкердин сүйлөгөн сөзү анын жалпы маданиятынан, билиминен жана акыл-эсинен кабар берет…
Мамлекет башчысы Садыр Жапаров Президентке караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясына көңүл бөлүп, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу, ошондой эле окутуунун заманбап ыкмаларын киргизүү жана окуу процессин санариптештирүү багытында ишке ашырылып жаткан билим берүү программаларын жакшыртуу маселелерине көз салып келет.
Жуманын башында «Жаңы технологиялар доорунда мамлекеттик кызматта сүйлөө жана жазуу маданияты» аталышындагы талкуу өтүп, анда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн жазуу жана сүйлөө, кеп маданияты боюнча тематикалык семинарларды, атайын окуу курстарын уюштуруу зарылдыгы айтылды. Иш-чараны “Кыргыз Туусу” гезити демилгелеп, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттик Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы биргелешип уюштурду. Ага министрликтердин, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.
Филолог окумуштуулар Замира Дербишева, Гүлзада Станалиева жана Кемелгазы кызы Назгүл даярдаган мамлекеттик кызматкерлердин оозеки жана жазуу маданиятынын актуалдуу проблемалары боюнча презентациялар көрсөтүлүп, түшүндүрмөлөр берилди.
Катышуучуларга мамлекеттик жана расмий тилдин туура колдонулушу, сүйлөө жана жазуу нормалары, жарандар менен туура баарлашуу жолдору тууралуу кеңештер берилди. Ошондой эле мамлекеттик кызматкердин коом алдындагы жоопкерчилиги, жүрүм-туруму жана коммуникациялык маданиятынын бүгүнкү күндөгү мааниси тууралуу талкуу болду.
КРнын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Кудайберген Базарбаев: “Президентибиз өлкөбүздү өнүгүүгө жетелеп бара жатканда, биз да тилди таза кармоо, мамлекеттик иш кагаздарын туура жана маданияттуу жүргүзүү, элге сылык мамиле кылуу, патриоттуулук менен иштөө аркылуу өз салымыбызды кошушубуз керек. Бул – биздин жарандык парзыбыз” – деди.
Белгилей кетсек, өлкө башчыбыз президенттикке келген күнүнөн тартып, адеп-ахлак, этика, каада-салт, жарандуулук маселеси, өлкөнү ар тараптан ургаалдуу өнүктүрүү маселесин көтөрүп келатканы ырас. Ошону менен бирге мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлердин маданиятын жогорулатууга, наркын көтөрүүгө чакырууда.
Тегерек столдун катышуучуларынын бири Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова: “Чындыгында биздеги мамлекеттик кызматкерлердин айрым кемчиликтерин чет элге иш сапарларга чыкканда байкап калам. Башка өлкөдөн келгендер өз тилин, өз өлкөсүн, улуттук кийимдерин даңктап, ал тургай акындарынын чыгармаларын окуп берген учурлар болот. Биздикилер кыргыз ырларынан окуп бергенге жарабайбыз. Өзүмдү жарды сезип, чүнчүп кетем. Андыктан, мамлекеттик кызматкерлерди сүйлөө, жазуу маданияты боюнча гана эмес өзүн алып жүрүү, кийинүү маданияты боюнча дагы окутуу керек. Окутуп эле тим болбой ал боюнча сынактарды уюштуруп, кызыктыруучу сыйлыктар коюлса катышуучулар көп эле болот деген ойдомун. Биз башка өлкөлөрдү туурагандан арданбашыбыз керек. Биздин мамлекеттик кызматкерлердин жүрүм-туруму, сүйлөгөн сөзү биздин мамлекетибиздин жүзү. Ошондуктан, бул боюнча атайын окууларды биздин министрлик үчүн да уюштуруу зарыл деп эсептейм”, – деди.
Филология илимдеринин кандидаты Гүлзада Станалиева мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрү мамлекеттин атынан элге кызмат көрсөтүп жаткан соң, алардын айткан-дегени, жазганы элге түшүнүктүү, сабаттуу жана адабий тилдин жол-жоболоруна шайкеш болушу керектигин айтат. “Мамлекеттик кызматкерлер эл алдында сүйлөө учурунда стилдик, стилистикалык, орфографиялык, орфоэпиялык, грамматикалык жана логикалык каталарды кетиришет. Ошондой эле, көп учурда орунсуз кайталоолорго, лексикалык жана синтактикалык калькаларга жол беришет”, – дейт.
Г.Станалиеванын айтымында, лексикалык калька түзмө-түз которуудан келип чыгат. “Иш кагаздар, пресс-релиздер алгач расмий тилде жазылып, которулуп отурбай, дароо эле мамлекеттик тилде жазылышы шарт. Менин байкашымча, сайттар да жаңылыктарды алгач орус тилинде андан кийин кыргыз тилинде жарыялашат”, – деди.
“Кыргыз Туусу” жалпы улуттук гезитинин башкы редактору Алмаз Кулматовдун айтымында, Еврокомиссия 1998-жылы тилдин тууралыгы жана тазалыгы үчүн ири кампания баштаган (The Clear Writing Campaign). Чиновниктердин туура сүйлөө, айрыкча сабаттуу жазуу маданиятын жогорулатууга багытталган бул кампаниянын алкагында 2011-жылы 6000 чиновниктин иш кагаздары иликтенип, эне тили англис тили болгон еврочиновниктердин саны бар болгону 13% түзсө да, бардык документтердин 95%ы адегенде англисче даярдалып, анан калган европалык тилдерге которулаарын, ал ортодо мааниси бурмаланып арналган дарекке жетээрин аныкташкан. “Кудум биздегидей. Кеп биздин көп чиновниктердин орусчаны мыкты билгендигинде эмес, орус тилинде даяр шаблондорду, алар норма деп эсептеген даяр сүйлөмдөрдү колдонуп, документти чүргөй салып, кайрылган кишиге чечилбесе да эптеп жооп берип коюу, ошентип көзөмөлдө турган маселени жаап салуу жеңилдиги менен түшүндүрүлөт. Бул адат беленге көнгөн чиновникти орусча оригинал текст түзүү же сөз издеп кыргызча жазуу, айтуу түйшүгүнөн арылтат”, – дейт А.Кулматов.
Учкай анализ көрсөткөндөй чиновниктердин, саясатчылардын сөз маданиятынын проблемаларынын ичинен эң орчундуусу – бул чиновниктердин сөз байлыгы жана сабаттуулугу. Сөз маданиятын өнүктүрө турган, жумурай журтка үлгү боло турган коомдук-саясый маанилүү мейкиндиктерде таасирдүү кызмат адамдарынын билим деңгээли, алардын сөз байлыгы канааттандырарлык эмес, ал тургай кабатырлантат.
“Англиянын Глазго университети 1803-жылдан 2005-жылга чейинки аралыкта Британ саясатчыларынын парламентте сүйлөгөн сөздөрүн веб-сайтка толук жарыялаганын Индепендент (The Independent) басылмасы кабарлаган. Ошол тексттердин негизинде Англия саясатчыларынын сөз байлыгы изилденген.
Мисалы, премьер-министр Тони Блэр 1993-жылдан 2005-жылга чейин Британ парламентинде 2888 жолу сүйлөп, 1 млн. 401 миң 531 сөз колдонгон. Британиянын дагы бир баш министри Уильям Гладстон парламенттик дебаттарда 2,7 млн. сөздү пайдаланган. Кыргыз тилин кедей деп айтууга болбойт. Бирок «Кыргыз тилинин жыштык сөздүгүндө» адабият, публицистика, расмий документтерге байланыштуу 18 миң текст талданып, 13 сөз жыш колдонулаары белгиленген. Бай тилди, тил казынасын өзүбүз кемитип, жакырлантып алганбыз”, – деди “Кыргыз Туусу” гезитинин башкы редактору.
Журналист Мээрим Ташыбекова: “Балык башынан сасыйт деген сөз бар. Ошол сыңары биз мамлекеттик кызматкерлерди окутууну жогору жактан башташыбыз керек. Себеби, өзүнүздөр билгендей, бизге келген буйрук, токтомдордун бардыгы орус тилинде келет. Жогоруда туура белгилешти. Азыр пресс-релиздер орусча жазылат анан барып кыргыз тилине которулат. Аны да шашканда чат gpt ге салып которо салышат. Мени кыргыз тилдүү журналист катары ишке алышкан. Бирок, жетекчилер: “Орус тилинде жазгыла, орусча жакшы түшүнөбүз”, – дегендиктен расмий тилде жазууга мажбурмун. Ошол себептен, ушундай иш-чараларга, окууларга чиновниктердин өздөрүн чакырыш керек”, – деген пикири менен бөлүштү.
Интернеттеги маалымат булактарына таянсак, Россиянын президентине караштуу эл чарбасы жана мамлекеттик кызмат академиясында он жылдан бери милдеттүү түрдө «Орус тили жана сөз маданияты» предмети окутулат. Бул тажрыйба калган жогорку окуу жайларына да жайылтылууда. Ошол академияда аталган предмет боюнча «Сөз маданияты жана азыркы орус тилинин нормалары», «Сүйлөө искусствосу», «Жазуу маданияты» «Баарлашуу маданияты», «Сөз этикети», Расмий жазуу документтеринин стилистикасы жана эрежелери», «Эл алдында сүйлөө өнөрү» сыяктуу курстар окутулат. Россия федералдык парламентинин депутаттары, анын аппаратынын кызматкерлери жана региондогу жергиликтүү парламенттердин депутаттары үчүн «Парламенттик сөз маданиятынын өзгөчөлүгү», «Сүйлөө маданияты» сыяктуу атайы курстар окутулат. Ал эми Англияда ар бир чиновниктин дайым окуган жанжолдош китеби – бул англис тилинин эреже-нускамасы (The Complete Plain Words). Бир эле эмес, бир нече мамлекет биригип алып сүйлөө, жазуу маданиятын жакшыртууга белсенип киришкен учурлар бар.
Демек, бизде дагы сөз маданиятын, мамлекеттик кызматкерлердин сүйлөө, жазуу маданиятын көтөрүү проблемасы проблема катары анализденип, аны чечүүнүн жолдорун издөөбүз зарыл. Ошондой эле, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн жазуу жана сүйлөө маданияты, дегеле кеп маданияты боюнча семинарларды, атайын окуу курстарды уюштуруп, колдонмо нускамаларды чыгаруу абзел.
Анара АРЗЫБАЙ кызы, “Кыргыз Туусу”

