Ата-бабаларыбыз илгертен адал, арамды так ажырата билип, кылымдар бою адал, таза тамак-аш, адал оокат менен күн кечирип келгенин жакшы билебиз. Тактай кетсек, кыргыз уурдалган, бирөөдөн күч менен тартылып алынган, арам жолдор менен табылган азык-түлүктөрдү, бата тиленип мууздалбай, ооруп өлгөн малдын жана эшек, чочко, кашкулактын этин, сүтүн, ичимдиктерди арам деп эсептеген. СССР убагындагы атеисттик көз караш күчөгөн мезгилдерде дагы элибиз арам оокатка баш-оту менен ыктап кеткен эмес. Союз кулаганы Кыргызстанда ислам дининин таасири өсүп, дин эркиндигинен улам адалдын ордуна арабча “халал” сөзү көп колдонула баштаганы анык. Бүгүнкү күндө халал индустриясы дүйнө жүзүнө кенен жайылып, бизде да олуттуу маселеге айланды. Олуттуу дегенибиз, учурда халал сертификатын берген жеке менчик, мамлекеттик органдар пайда болгондуктан халал мөөрү басылган тамак-аш, кийим-кече, товарлар көбөйдү. Бирок, азырынча мындай сертификаты бар продукция 100 пайыз адал жана коопсуз деп эч ким, эч бир орган кепилдик бере албайт.
Ошол себептен, ушул теманын күнгөй, тескейине саресеп салууну туура көрдүк.
(Башталышы өткөн санда)
Көзүм көрбөсө, артымды бөрү жесин кылбайлы
Жер планетасында жылдан-жылга мусулмандардын саны өсүп, ушул тапта алар 2 млрд. 300 миллионго жетти деген маалымат бар. Бул дүйнө элинин үчтөн бир бөлүгүнөн азыраагы. Геосаясий акыбал турукташса 2050-жылга чейин мусулман калкы дагы көбөйөт. Мындай шартта, халал стандартына жооп бере турган продукцияга болгон талап да жогорулайт. Эл аралык эксперттердин айтымдарында, бара-бара көп өлкөлөр (анын ичинде мусулман эмес өлкөлөр дагы) халал-индустриясы менен эсептешүүгө, ага маани берүүгө аргасыз болот. Ал тургай халал стандарты кайсыл бир мезгилде өлкөлөр аралык ишенимдин, таза, коопсуз, экологиялык таза продукцияларды, товарларды экспорттоо, импорттоо кепилдиги болот деген божомолдор да бар. Себеби, халал тамак-ашта анын коопсуздугу, гигиенасына терең маани берилет. Андыктан динге бекем мусулман халал продукция чыгарууга ниет кылган болсо аны өндүрүүдөн тарта ак, таза иштеши шарт. Тагыраагы, эт, сүт багытындагы мал өстүрө турган болсо аларды адал, экологиялык таза тоют менен багып, эт, сүт продуктыларын даярдоодо да этият болушу керек. Ошондой эле малды дарылатууда, семиртүүдө да фермерлер ар кандай ислам, ветеринария тыюу салган тоют, дарыларды колдонуудан алыс болушу талап кылынат. Өкүнүчтүүсү, акыркы жылдарда Кыргызстанда чөп, жем менен багыла турган кой, эчки, уйларды кафе, ресторандардан чыккан тамак-аш калдыктарына көндүрүп, ошону менен семирткендер да жок эмес. Андай жол менен өндүрүлгөн малды эле эмес, малдын ээсинин аракетин адал деп айтууга болбойт. Ошондуктан халал сертификатын берген органдар продукция өндүрүүчүлөрдүн бардык иш процесстерин дыкат текшерүүлөрү керек. Болжолдуу маалыматтар боюнча Кыргызстанда азыр халал продукция чыгаруучу 85 компания жана 67 жеке менчик субъекти жана чет өлкөлүк компаниялар бар. Булар ар жылы мамлекетке миллиондогон салык төлөп жатышканы анык. Бирок, алардын салыгын, чыгарган продукцияларын гана текшербей, мезгил-мезгили менен продукция өндүрүү этаптарын да көзөмөлгө алуу ашыкча болбойт.
Элди экиге бөлгөн кошер
Адал, таза тамак боюнча дүйнө өлкөлөрүндө да бир топ тажрыйбалар бар. Алсак, тартип, эреже, салтка бекем делген жөөттөрдө биздин халалга окшош кошер системасы бар. Кошер – бул биздин тилде колдонгонго уруксат дегенди билдирет. Кашрут мыйзамы боюнча уй, кой, эчки жана айрым канаттуулар түрүн, кабырчыгы, куйругу бар балыкты жегенге болот. Жырткыч жаныбарлардын, коён, чочко жана айрым канаттуулардын этине тыюу салынган. Ошондой эле еврей мыйзамы боюнча бир мезгилде сүт, эт азыктарын бир даярдап, бир жегенге болбойт. Израилде мына ушундай кашрут эрежелерин так сактаган, сертификаты бар кафе, ресторандар иштейт. Кошер продуктулары кошер талаптарына жооп берерин тастыктаган атайын белгилер менен маркировкаланат. Иерусалимдеги айрым кашрут ресторанында тамактын ар бир бүдүрүнө маани берилип, текшерилип турат. Эреже боюнча, Израилдеги кошердик ресторан өлкөнүн Башкы раввинаты тарабынан гана сертификацияланат жана бул документти алуу процесси өтө кымбат. Муну менен бирге эле мамлекет мыйзамы боюнча ресторандардын баары милдеттүү түрдө кошердик болушу шарт эмес. Ушул себептен улам акыркы жылдарда кошердик сертификация боюнча талаш-тартыштар болуп келет. Рестораторлордун айтымдарында, кошрет сертификациясын берүүнү Башкы раввинат монополдоштуруп алгандыктан коррупция күч алып, сапаттуу тамак-аш, продукция чыгаруу жаатында атаандаштык төмөндөп кеткен. Бирок, Израиль Башкы раввинаты кошер сертификатын ар ким бере бергидей болсо, башаламандык так ошондо болот деген пикирди карманат. Карапайым израилдиктер, студенттер болсо өлкө эли светтик жашоо кечиргендиктен кардар каалаган тамагын жегенге укуктуу экенин айтышып, көпчүлүк учурда Башкы раввинат чакан, орто бизнести ашыкча кысып коюп жатканына нааразы экенин жашышырышпайт. Мындай көрүнүш Израиль эли кошер эрежесинен улам экиге бөлүнүп калганын айгинелейт. Мындан улам Кыргызстандагы халал маселеси да ушундай акыбалга барып такалбайбы деген суроо жаралат. Себеби, бизде азыр халал маркировкасы эмне деген гана товарда жок. Ошол эле айрым ислам динине такыр байланышы жок өлкөлөрдөн халал маркировкасы бар азык-түлүк, суусундук, ал тургай кийим-кече, турмуш-тиричилик буюмдары, балдар оюнчуктары, түшүнүксүз энергетикалык суусундуктар жана башкалар агып кирип жатат.
Бычакты туура пайдалансак аш туурайт…
Албетте, кайсыл мусулман, адам баласы болбосун таза, адал тамак жеп, бир келген өмүрдө адал, бекем ден соолукта жашагысы келет. Ушундан улам, анын үстүнө жаш мусулмандардын жер жүзүндө 1,7 миллиарддан ашкандыгына байланыштуу азыр халал глобалдык символго айланды. Дүйнөлүк-халал индустриянын жылдык жүгүртүүсү 2 триллион долларга жеткенин да эксперттер бышыкташууда. Тамак-аш продуктуларынан сырткары халал-индустрия системасына мейманкана комплекстери, фармацевтика, косметология өндүрүшү, туризм жана башка тармактар кирди. Халал стандарттары боюнча жеке эле мусулман өлкөлөрү эмес, светтик өлкөлөр да активдүү иш жүргүзө башташты. Мисалы, Франция, Германия, Англия, Нидерланды сыяктуу Европанын бир катар өлкөлөрүндө халал сертификаты бар продуктуларды, кийим, косметика, кызмат көрсөтүүлөрдү көрүүгө болот. Анын үстүнө Халал индустрияны өнүктүрүү борборунун директору Алмаз Кайырбеков билдиргендей, Кыргызстан 2012-жылдан тарта Евразия стандартташтыруу жана халал сертификациялоо биримдигинин толук кандуу мүчөсү. А ата-мекендик халал-сертификат ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн баарында таанылат. Муну биз туура пайдалана билип, эл аралык халал стандарттарына жооп бергидей таза, коопсуз товарларды, продукцияларды чыгара алсак анда бир топ экономикалык өсүшкө жетебиз. Эгер өлкө ичиндегидей: “Кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты” кылып, халалга жамынып сапатсыз продукция чыгара берсек халал сертификаты жөн гана күмөндүү документке, көз боёмочулукка айланат. Эң коркунучтуусу – ислам динине болгон ишеним азаят. Буга мамлекет жетекчилигиндегилер да, Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгындагылар да терең маани берип, халал терминин оңду-солду калчай берүүдөн сактануулары керек.
Жобо бар, жоопкерчилик жок
Эми эң маанилүүсү, халал продукцияларын, азык-түлүктөрүн, кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланып жаткан кардарларга келсек. Ооба, халал сөзүнүн колдонулушунун өзү турмушта бир топ ишенимди жаратат. Мисалы адал маркировкасы бар этти, сүттү, тамак-ашты кардар шектенбей сатып алат. Адал туризм, адал такси десе туристтер “Бул жерде коррупция, алдамчылык жок” деген ойго жетеленишет. Бирок, халал деген азык-түлүктөн, косметикадан кокус бирөө ууланып же халал туризмден дагы бир чет өлкөлүк алданып калса алардын укугун ким коргоп, саламаттыгын ким калыбына келтирет? Тилекке каршы, бул маселе былтыр кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын халал индустриясы жөнүндө” мыйзамында ачык, так көрсөтүлгөн эмес. Болгону жүгүртүүдөгү товар аталган мыйзамдагы талаптарга жооп бербеген учурда жүгүртүүдөн алынары камтылган.
Мезгил талабына жараша халал-индустрия рыногу Кыргызстанда өтө тездик менен жайылып бара жатат. Ошентсе да жогоруда мисал кылганыбыздай халал-индустрияны өнүктүрүү боюнча мыйзамын, эреже, тартиптерин абдан бышыкташыбыз керек. Халал-индустриябыздын жакшы өнүгө электиги, тиешелүү квалификациядагы кадрлардын аздыгы, диний, илимий, маданий билимдин жетишсиздиги өлкөбүздөгү адал системасын талаптагыдай кыла албай жатканын моюнга алуубуз керек. Андыктан бул маселе боюнча суроолорубузду Халал индустриясын өнүктүрүү борборунун жетекчиси Алмаз Кайырбековго узатмакчыбыз.
(Уландысы бар)
Мелис СОВЕТ уулу, “Кыргыз Туусу”

