Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Кыргызстан менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы «Мамлекеттик мектептерди куруу» долбоорунун экинчи баскычы боюнча кредиттик макулдашуу талкууланды.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Талантбек Иманакун уулунун айтымында, жылына 1,5% менен 25 жылга алынган 50 миллион доллар Бишкек шаарында беш жаңы мектепти жана жети кошумча имаратты, ошондой эле Чүй облусунда эки жаңы мектепти курууга багытталат.
Бирок депутаттар бул долбоор борбордогу орун жетишсиздигин толук жоёбу деген суроо узатышты.
Курулуш министрлигинин өкүлү Тимур Дүйшеевдин маалыматына караганда, жети мектеп жана жети имарат жетишсиз. Билим берүү башкармалыгынын эсебинде, мектеп таңсыктыгына толук чекит коюу үчүн Бишкекте 77 жаңы мектеп курулушу зарыл.
Комитет мүчөлөрү келишимдин долбоорун жактырып, билим берүү мекемелеринин санын көбөйтүү үчүн мындай долбоорлорду улантуу керектигин белгилешти.

