Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасына жумуш сапары менен келген Ханзаада Рахим Ага Хан V менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү, саламаттыкты сактоо, туризм жана социалдык өнүктүрүү тармактарындагы кызматташтыкты талкуулашты.
Адылбек Касымалиев Ханзаада Рахим Ага Ханды жылуу кабыл алып, ага Президент Садыр Жапаровдун саламын жеткирди. Ал ошондой эле архитектура боюнча Ага Хан сыйлыгын өткөрүү жери катары Кыргызстанды тандаганы үчүн ыраазычылык билдирди.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Ага Хан уюмунун Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү ролун, экономиканын жана социалдык чөйрөнүн ар түрдүү долбоорлорундагы салымын белгиледи. Ал ошондой эле Нарын шаарындагы Борбор Азия университетинин ишмердүүлүгүнө токтолуп, анын өлкөнүн жана региондун жаштарына сапаттуу билим берүүдө маанилүү экенин белгиледи.
Өз кезегинде Ханзаада Рахим Ага Хан V жылуу кабыл алынганы үчүн ыраазычылыгын билдирип, Кыргызстан менен жемиштүү кызматташууну улантууга кызыкдар экенин билдирди.
Жолугушуунун соңунда архитектура боюнча Ага Хан сыйлыгына арналган жаңы почта маркасын мөөр басуу аземи өттү. Тараптар кызматташтыкты бекемдөөгө жана кеңейтүүгө даяр экенин билдиришти.

