whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
09.07.2025
23.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүӨкмөт башчы байдарка жана каноэде сууда сүзүү боюнча улуттук кураманы сыйлады

Өкмөт башчы байдарка жана каноэде сууда сүзүү боюнча улуттук кураманы сыйлады

Байдарка жана каноэде калак менен сууда сүзүү боюнча Азия чемпионатына катышкан Кыргызстандын улуттук курама командасынын өкүлдөрү менен Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 18-июнда «Ынтымак Ордо» комплексинде жолукту.

Жолугушуу 7–12-май күндөрү Кытайдын Наньчан шаарында өткөн чемпионаттын жыйынтыгына арналды. Тарыхта биринчи жолу кыргызстандык спортчу Эрлан Султангазиев байдарканын К-1 түрү боюнча 200 метр аралыкта Азия чемпиону аталган.

Министрлер Кабинетинин төрагасы курама команданын мүчөлөрүнө жана машыктыруучуларына акчалай сыйлыктарды тапшырды:

  • Эрлан Султангазиев – 500 000 сомдук сертификат,

  • Башкы машыктыруучу Олег Роганов – 200 000 сомдук сертификат,

  • Жеке машыктыруучу Виктор Чуракаев – 200 000 сомдук сертификат.

Өз сөзүндө Адылбек Касымалиев бул жеңишти өлкө үчүн маанилүү окуя катары белгиледи:

“Мекендештерибиз үчүн каноэде менен байдаркада спорттун салттуу түрү боло элек жана Азия чемпионатында алтын медалга ээ болуу баарыбыз үчүн жагымдуу белек болду. Биз бул окуяга кубанычтабыз жана сиздерди бул жеңишиңиздер менен куттуктайбыз. Эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу 200 метр аралыкка К-1 түрү боюнча Азия чемпиону болдуңуз. Алдыда сиздерди жаңы бийиктиктер – Дүйнөлүк чемпионаттар жана Олимпиада оюндары күтөт деп ишенебиз”.

Жолугушууда спорттун бул түрүн Кыргызстанда өнүктүрүү маселелери, мамлекеттик колдоо чаралары жана келечектеги максаттар талкууланды.

Белгилей кетсек, чемпионатка Кыргызстандын атынан Эрлан Султангазиев, Радион Туйгунов жана Рысбек Төлөмүшев катышкан. Команданы машыктыруучу Олег Роганов жетектеп барган.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар