Башкы беткеСоциалдыкСоциалдык келишим менен быйыл 150 миң сомдон берет

Социалдык келишим менен быйыл 150 миң сомдон берет

Кыргызстанда 2026-жылы 13 333 аз камсыз болгон жана муктаж үй-бүлө Социалдык контракт программасынын алкагында 150 миң сомдон каржылык жардам ала алышат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 11-мартка карата республика боюнча 1 825 арыз түшкөн. Азыркы учурда 607 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлгөн.

Долбоорлордун көбү айыл чарба тармагына туура келет. Тактап айтканда:

  • 341 долбоор — айыл чарба тармагында ишке ашырылууда.

Министрлик билдиргендей, арыздарды кабыл алуу дагы эле уланууда.

Бул программа аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоого багытталып, 2022-жылдан бери Садыр Жапаровдун демилгеси менен ишке ашырылып келет.

Төрт жыл ичинде:

  • 48 557 үй-бүлө социалдык контракт түзгөн;
  • долбоорлордун 73,3% айыл чарба, 13,8% өндүрүш, 6,7% соода, 6,2% кызмат көрсөтүү тармактарына туура келет.

Башында социалдык контракт боюнча жардам 100 миң сом болсо, 2025-жылдан тартып 150 миң сомго чейин көбөйтүлгөн.

Алгачкы катышуучулардын ичинен 14 үй-бүлө жылына 1 млн сомдон ашык киреше табууга жетишкен.

Ошондой эле программанын катышуучуларынын 94,2% аялдар, негизинен айыл жергесинде жашаган жарандар. Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында 57 миңден ашык жаңы жумуш орун түзүлгөн.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар