Башкы беткеСоциалдыкКечээ Кыргызстанда Аталар күнү белгиленди

Кечээ Кыргызстанда Аталар күнү белгиленди

Аталар күнүнө карата өткөн иш-чарада жети баланы жалгыз тарбиялап жаткан көп балалуу ата Чыңгыз К. негизги каарман катары белгиленди. Кыйынчылыктарга карабастан ал балдарын мээрим жана камкордук менен тарбиялап, аларга татыктуу билим жана тарбия берүүгө аракет кылып келет.

Аталган иш-чаранын алкагында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри аталган  Канат Сагынбаев үй-бүлөгө барып, балдарга мектеп парталарын, азык-түлүк жана күнүмдүк керектүү буюмдарды тапшырды. Министр мындай аталар чоң урматка татыктуу экенин белгилеп, аларды чыныгы кайратман адамдар катары баалады.

Ошондой эле сапардын жүрүшүндө төрт баланы тарбиялап жаткан Хасанбай атага да көңүл бурулуп, ага колдоо көрсөтүлдү. Министр мамлекет үй-бүлөнү бекемдөөгө жана ата-энелерди колдоого багытталган саясатты мындан ары да улантарын кошумчалады.

Гезит

Восточное окно

Как кыргызские продукты могут покорить Поднебесную             Нет, наверное, предпринимателя в Кыргызстане, который не мечтал бы выйти на рынок Китая.  Сотни...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар