Башкы беткеРубрикасы жокАр бир облуска ипотекалык батирлер курулууда

Ар бир облуска ипотекалык батирлер курулууда

Кыргызстанда учурда 80 миңден ашык ипотекалык батирдин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКнын төрагасынын биринчи орун басары Нургазы Атканов маалымдады.

Анын айтымында, турак жай курулушу өлкөнүн бардык аймактарында активдүү жүргүзүлүүдө.

Тактап айтканда:

  • Бишкек шаарында – 22 996 батир,

  • Чүй облусунда – 22 440 батир,

  • Жалал-Абад облусунда – 12 900 батир,

  • Ысык-Көл облусунда – 9 317 батир,

  • Ош облусунда – 7 402 батир,

  • Баткен облусунда – 4 116 батир,

  • Талас облусунда – 814 батир,

  • Нарын облусунда – 569 батир курулууда.

Расмий өкүл белгилегендей, бул долбоорлор жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу максатын көздөйт.

Гезит

Полотнодогу философия

Таланттуу кыл калем чебери, живописчи, Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыктын лауреаты Талгат Бокоев –  Т.Садыков атындагы Улуттук көркөм сүрөт академиясынын «Станкалык живопись» факультетинин бүтүрүүчүсү. КР...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар