whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.01.2026
-13.9 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомПрезидент Садыр Жапаровдун Беларуска иш сапары аяктады

Президент Садыр Жапаровдун Беларуска иш сапары аяктады

Президент Садыр Жапаровдун 26-27-июнунда Беларусь Республикасына болгон иш сапары аяктады.

Мамлекет башчысы биринчи күнү БелЭКСПО Минск эл аралык көргөзмө борборунун аянтында Евразия экономикалык форумуна катышты. Андан кийин ЖЕЭК катышуучу-өлкөлөрүнүн лидерлери беларусь техникаларынын үлгүлөрү менен таанышышты.

Экинчи күнү президент Садыр Жапаров Евразия экономикалык кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.

Иш-чарага Евразия экономикалык бирлигинин Мамлекет башчылары — Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян (видеоконференция форматында), Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко, Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев, Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин жана Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев, ошондой эле ЕАЭБге байкоочу-мамлекеттер – Өзбекстан Республикасынын, Куба Республикасынын жана чакырылган коноктор – Монголия, БАЭ башчылары катышты.

ЖЕЭК жыйынынын жыйынтыгында бир катар көп тараптуу документтерге кол коюлду.

Беларусь Республикасына болгон иш сапарын аяктап, президент Садыр Жапаров 27-июнда Чолпон-Ата шаарына кайтып келди.

Гезит

Бактысын гүлдөн тапкан Гүлмайрам

               Каарманыбыз Гүлмайрам Карабаева эженин гүлгө болгон кызыгуусу балалыктан башталган. Ошондон тарта анын кызыгуусу өчкөн жок. Тескерисинче өсүп,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар