whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
11.07.2025
27.8 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоом“Кыргыз Туусу” демилгелеген ишембилик уланууда

“Кыргыз Туусу” демилгелеген ишембилик уланууда

Бүгүн, 28-июнда, “Кут Билим” медиа борборунун жамааты “Кыргыз Туусу” гезити демилгелеген “Биз — таза Кыргызстан үчүн” аттуу экологиялык акциясынын алкагында ишембилик өткөрдү. Иш-чара Чуңкурчак жайлоосунда уюштурулуп, анын жүрүшүндө аймак таштандылардан тазаланды.

Эске сала кетсек, аталган тазалык акциясын 16-июнда «Кыргыз Туусу» редакциясы демилгелеп, алгачкылардан болуп уюштурган. Гезит жамааты бул ишембилик акциясы менен Президент Садыр Жапаровдун жаратылышты коргоого, айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасоого чакырыгын колдоого алган.

“Кыргыз Туусу” редакциясынын жамааты ишембиликтин жыйынтыгында тазалык эстафетасын “Кут Билим” медиа борборуна өткөрүп берген.

“Кут Билим” жамааты бул демилгени улап, коомчулук арасында экологиялык маданиятты жогорулатууга өз салымын кошту. Акциянын алкагында “Кут Билим” ишембилик эстафетасын “Эркин-Тоо” гезитине өткөрүп берип, бул саамалыктын дагы кеңири жайылтылышына өбөлгө түздү.

“Биз — таза Кыргызстан үчүн” акциясы өлкө боюнча массалык түрдө экологиялык аң-сезимди өнүктүрүүнү жана коомчулукту жаратылышты коргоого үндөөнү максат кылат.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар