Башкы беткеМаанилүүАдылбек Касымалиев Бириккен Араб Эмираттарынын мамлекеттик маалымат агенттигине маек берди

Адылбек Касымалиев Бириккен Араб Эмираттарынын мамлекеттик маалымат агенттигине маек берди

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк өкмөттөр саммитинин алкагында Бириккен Араб Эмираттарынын мамлекеттик “Emirates News” (WAM) маалымат агенттигине маек берди.

Маектин жүрүшүндө МинКаб Төрагасы саммиттин эл аралык деңгээлдеги маанисине токтолуп, Кыргызстандын стратегиялык артыкчылыктары, өнүгүүнүн негизги багыттары жана кыргыз-эмират кызматташтыгынын келечеги тууралуу кеңири маалымат берди.

Адылбек Касымалиев белгилегендей, Кыргызстан бүгүнкү күндө эл аралык коомчулукка экономикалык өсүштүн натыйжалуу жана далилденген моделин сунуштай алат. Ал бул багытта Дубай шаарында биринчи жолу өткөрүлгөн “Кыргызстандын экономикалык өсүүсүндөгү “Ак илбирстин” модели: өкмөттүк акселераторлор, институттар жана инвестициялар” аттуу кошумча иш-чарага токтолуп, анда өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалардын практикалык жыйынтыктары көрсөтүлгөнүн белгиледи.

Ошондой эле Министрлер Кабинетинин Төрагасы мамлекеттик башкаруунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу, чечим кабыл алуу процесстерин ылдамдатуу жана бюрократияны кыскартуу боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу айтып берди.

БАЭ менен кызматташтык тууралуу сөз кылып жатып, Адылбек Касымалиев Бириккен Араб Эмираттары Кыргызстан үчүн ишенимдүү жана стратегиялык маанилүү өнөктөш экенин баса белгиледи. Анын айтымында, кайра жаралуучу энергия булактары, инфраструктура, логистика, айыл чарба жана туризм тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле каржы тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү жана алдыңкы технологияларды киргизүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр бар.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар