Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарында Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан негизделген “Epos Water Production LLC” өндүрүштүк ишканасы ишин ийгиликтүү жүргүзүп жатат. Завод бөтөлкөдөгү ичүүчү суу жана суусундуктарды чыгарып, жергиликтүү рыноктун жогорку талаптарына жооп берген продукцияны сунуштоодо.
Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 50 миң бөтөлкөгө чейин жетет. Завод заманбап технологиялык линиялар жана көп баскычтуу суу тазалоо системалары менен жабдылган. Өндүрүш процесси Бириккен Араб Эмираттарынын санитардык жана тамак-аш коопсуздугу боюнча бардык стандарттарына жооп берет.
Белгилей кетсек, дүйнөдөгү эң атаандаштыкка жөндөмдүү рыноктордун бири болгон БАЭде кыргыз ишкерлеринин өндүрүш ачышы ата мекендик бизнестин эл аралык деңгээлге чыкканын жана кыргыз продукциясынын сапаты жогору экенин көрсөтөт.
Компания Кыргызстанда да иш жүргүзүп, “Crystal” бренди менен бөтөлкөдө суусундук чыгарат (“НАК” ЖЧК). Дубайдагы завод кыргыз ишкерлеринин чет өлкөдөгү ийгиликтүү инвестициялык долбоорлорунун бири катары бааланууда.

