Башкы беткеРубрикаларАймактарКара-Кулжа айыл аймагынын башчысы Каныбек Баатыров: “Калкыбыздын жаркын жашоосу үчүн айылдарды өнүктүрүү...

Кара-Кулжа айыл аймагынын башчысы Каныбек Баатыров: “Калкыбыздын жаркын жашоосу үчүн айылдарды өнүктүрүү биздин милдет”

     Кара-Кулжа айыл аймагы Кара-Кулжа суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 1440 м  бийиктикте жайгашкан, жайында жашыл шиберге, кышында ак карлуу ажайып кооз жерге айланган аймак.
Жергиликтүү эл негизинен мал менен алектенип, дыйкан чарбаларында эмгектенет. Эки орто жана мектеп-интернат, маданият үйү, оорукана, бейтапкана, мейманканалар бар.Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу иштейт.
Айыл аймагына Кара-Кулжа, 1-Май, Биймырза, Сары-Камыш айылдары кирет. 2024-жылдарда жүргүзүлгөн аймактык реформага катышкан жок. Себеби, жогоруда аты аталган айылдар Кара-Кулжа районунун калк жыш жайгашкан ири айылдарына кирет.
Ошондуктан, жыл жыйынтыгын билүү максатында Кара-Кулжа айыл аймагынын башчысы Каныбек Баатыровго  кайрылдык.

Жылдын жыйынтыгындагы аткарылган иштер

Өткөн жыл Кара-Кулжа айыл өкмөтү үчүн жакшы маанай тартуулаган жылдардан болду. Айыл өкмөтүнүн кирешеси айтылган пландан ашыгы менен аткарылды. Мисалы,  киреше салыгы 2024-жылга 56 642,0 кабыл алынган болсо, 60 999,6 сомго аткарылып, план 108%  болгон.

Жыйынтыгында, Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 1-январь  2025-жылга карата калган акчалай каражаты: – Жергиликтүү бюджетте – 1 997 991,74  сом, атайын эсепте (спец. счет) –  42 000  сом, жалпысы – 2 039 991,74 сом калган.

Ал эми 2024-жылдын 12 айдын жыйынтыгында чыгаша бөлүгү  жалпы  тармактар боюнча: – 89 668,9 сомго аткарылган.

Таза суу – өмүр булагы

2024-жыл Кара-Кулжа айыл өкмөтү үчүн ийгиликтүү жылдардан болду. Себеби, калкыбызды таза суу менен камсыз кылууда алгылыктуу иштер бүткөрүлдү. Мисалы, 1-Май айы-лынын Ак-Терек участкасына таза суу линиясын тартууга  Кара-Кулжа “Таза-Суу” муниципалдык ишканасы  аркылуу 763 719 сомго субсидия берилип, беш көчө, ушундай эле ыкма менен 1-Май айылынын Ичке-Суу  участкасына таза суу линиясын тартууга 229 730 сом акчалай каражаты каржыланып, калкыбызды таза суу менен камсыз кылдык.

Мындан сыткары Кара-Кулжа айыл аймагындагы Кара-Кулжа айылында жайгашкан Т.Самидинова, Айткулов, Ноо-руз, Беделов көчөлөрүнүн жашоочуларын таза суу менен камсыз кылуу максатында Т.Самидинова көчөсүндө суу кудугу (скважина) бүткөрүлдү. Мындагы 150 түтүндөгү 650 адам таза суу менен камсыз болду. Жалпы суммасы  5 581,1 сом, райондук өнүктүрүү фондунан жана жергиликтүү бюджеттен жана Корея өлкөсүнүн  KOIKA уюмунан 2 млн. сомдук акчалай каражаты каржыланды.

Ал эми, Кара-Кулжа “Тазалык” жана “Таза-Суу” муниципиалдык ишканалары атайын техникалар: экскаватор, мусоровоз ХОВО, МТС-82 трактор, Автолифт kia bongo (Вышка облустук өнүктүрүү фондунан), грейдер алууга жергиликтүү бюджеттен – 3716583 сом каржыланып, элдик банк аркылуу лизингге алынып, калк үчүн кызмат кылып жатышат.

Айыл чарба каналдарын тазалатуу – башкы максат

Биймырза айылынын тургундарынын тескей тарабындагы үлүш, сугат жерлерине 5000 метр (5 км) суу келүүчү каналынын 3000 метри (3 км) казылып тазаланды. Учукка барчу жолду 215 метр, тереңдиги 2 метр болгон каналды тазалоо иштери жүрдү.

Май айында Учук участкасындагы Кара-Кулжа дарыясынан ичкен дыйкандардын 1500 метр каналын тазалатуу  иштери аткарылып, ошол эле участкада шалы эккен дыйкандарга суу барчу 800 метр каналды тазалатууга жетишилди.

Учак участкасында дыйкандарга барчу 650 метр канал тазаланып, Сары-Камыш айылындагы  540 метр күңгөй каналын жана Биймырза – Сары-Камыш айылындагы 2200 метр  каналын тазалатуу иштери аткарылды.

Ошол эле учурда калкты сугат суу менен камсыз кылуу үчүн Биймырза айылындагы Бел участкасындагы канал толугу менен тазаланып, пайдаланууга берилди.

Ички жолдор колго алынды

Үстүбүздөгү жылда Кара-Кулжа айыл аймагындагы ички жолдорду оңдоп-түзөө жана куруу иштери жүрүп, дээрлик аяктады.

Кара-Кулжа айылындагы А.Максүтов атындагы көчө облустук өнүктүрүү фондунан каржыланып, өздүк салымга А.Максүтовдун үй-бүлөсү демөөрчү болушту. АРИС аркылуу Т.Самидинова көчөсүн  асфальттоо иштери,  Кара-Кулжа айылындагы М.Алиев көчөсүнө дем берүүчү грант аркылуу тротуар жасалып бүттү.

Кара-Кулжа айыл өкмөтүнө грейдер алуу жана Кара-Кулжа “Тазалык” жана “Таза-Суу” муниципалдык ишканасындагы экскаватор эл кызматында.

Биймырза айылынын Учук участкасына барчу жолду май айындагы жааган жамгырдын кесепетинен, сүрүп тазалатууга – 31890 сом акча каражаты  сарпталды.

Республикалык бюджеттен Сары-Камыш айылына 3 км жолго асфальт  төшөлдү.

Билим алууга биринчи көңүл бурулат

– Өткөн жылы билим берүү тармагына  (мектеп жана бала бакчаларга) – 16 222,7 сом жумшалган.

– Жаңы окуу жылы башталганга чейин мектеп, бала бакчалардын ремонтуна жана эмеректерине көп көңүл бурулду;

– Кара-Кулжа айылындагы Э.Осмонов мектебинин чатырын алмаштырууга 5 405,8 сомго долбоор каралып,  жалпы суммасы 3 660,3 сомго бүткөрүлдү;

– Б.Эшмамбетов атындагы орто мектебинин алдына таман таш (брусчатка) басууга жана арка жасоого 1197,0 сом жумшалды;

– Биймырза айылында курулуп жаткан бала бакчанын куруу иштери бүткөрүлдү;

– 1-Май айылындагы Токтогул атындагы орто мектебинде курулуп жаткан футбол талаасында курулуш иштери аяктады. Ушул эле айылда жайгашкан Субанов мектебине эмеректер сатылып алынды;

– 1-Май айылындагы Субан уулу Алмаз атындагы орто мектебиндеги ачык футбол аянтчасын куруу иштери жүрүп жатат;

– 1-Май айылындагы А.Юсупов атындагы орто мектебинин эскирген терезелерин жаңы пластик терезелерге алмаштырып, жакшы окуган окуучуларга акчалай сыйлыктар
берилди;

– Токтогул мектебине 62,0 миң сомго буюмдар жана компьютер комплектиси алынып, мектептин спорт залын  куруу иштери жүрдү;

– 1-Май айылындагы Субан уулу Алмаз атындагы орто  мектебинин спорт комплексин куруу иштерин аяктадык.

– Сары-Камыш айылындагы К.Ормокеев атындагы орто мектептин окуучуларына тамактануу үчүн жакшы шарттарды түзүү максатында ашкана курулуп бүттү;

– Кара-Кулжа айыл аймагындагы Юсупов мектебине кошумча көмүркана курулду;

– Э.Осмонов атындагы орто мектебинин алдындагы МЧББУна инвентарлар алынды;

– Миң-Өрүк балдар бакчасына шкаф жана балдар уктоочу 3 кабаттуу жана 2 кабаттуу кроваттар алынып берилди.

– “Сейил”, “Салкын жээк” бала бакчаларына өтө керектүү болгон инвентарларды алууга жетиштик.

Кара-Кулжа айыл өкмөтүндө айылдарда жасалган иштер:

– АРИС менен биргеликте Самидинова көчөсүнө асфальт төшөлүп, «Сейил» балдар бакчасынын айланасын тосууга жетишилди.

– Кара-Кулжа райондук өнүктүрүү фондунун жана жергиликтүү бюджеттин каржылоосу менен Кара-Кулжа айылынын Ч. Пазылов көчөсүнө тротуар жасатуу максатында иштер жүрүп жатат.

– М.Алиев атындагы көчөсүнө тротуар жасатууга жетиштик.

 Дени сак адам – өнүккөн өлкө

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн “Дени сак адам – өнүккөн өлкө”  программасынын талаптарын ишке ашыруу 2030-жылга чейинки аралыкты камтыйт. Программага ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Нуржигит Кадырбековдун көмөгү менен 1-Май айылындагы жаңы курулуп жаткан үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун  имараттары курулуп бүтүп, ишке берилди.

Бүгүнкү күндө 1-Май айылындагы Секелек көчөсүндөгү Ак-Таш ФАПтын куруу иштери жана кошумча курулуш материалдары жергиликтүү бюджеттен каржыланып бүттү. Жаңы курулган ФАП карапайым калктын дарылануусуна өбөлгө болот деген ишенимдемин.

Жергиликтүү бийлик карапайым калк менен

Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн Кара-Кулжа айыл аймагында жашаган турмуш шарты оор материалдык жактан аз камсыз болгон 1-2-3-топтогу майып үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүп келет. 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгында эле жалпысынан калктын аялуу катмарына 175000 сом акчалай жардамдар берилди.

Жакында эле, Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы “Орбита” пансионатында 2024-жылдын 11-июлдан 16-июлга чейинки күндөрү мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын ортосунда өтө турган Кыргызстан боюнча шахмат, шашки, кол күрөш турнирине Кара-Кулжа айыл өкмөтүнөн 5 (беш) мүмкүнчүлүгү чектелген жарандын  жолуна акча  каражатын жана мүмкүнчүлүгү чектелген көзү азиздер жана дүлөйлөрдүн эсебине (1 адамга тамак-аш, жатакана 6875 сом, жол акы 3200 сом) жалпы  50 375 (элүү миң үч жүз жетимиш беш) сом  акча  каражаты которулуп берилди.

Кара-Кулжа районунун Ой-Тал айыл аймагындагы “Көңдүк”  балдар лагерине  2024-жылдын 1-11-июль күндөрү аралыгында аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн, ата-энесинин камкордугунан ажыраган балдардын ден соолуктарын чыңдоо жана жайкы эс алууларына Кара-Кулжа айыл өкмөтүнөн жөнөп жаткан тизмедеги  3 (үч) баланын эс алуусуна, жол (транспорт)  чыгымдарына 24 300 (жыйырма төрт миң үч жүз) сом  акча  каражаты которулуп берилди.

Баса белгилеп кетүүчү жагдай, жерги­ликтүү бюджеттен спорт тармагын колдоого жана Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн  социалдык маселелер боюнча комиссиянын чечими менен оор кырдаалга туш болгон, жардамга өтө муктаж болгон жарандарга, баатыр энелерге, ж.б. тургундарына 755 839 сом акчалай каражаттары берилген.

Мындан сырткары, Кара-Кулжа айыл аймагында  тоголок жетим  Үрүлбаев Эдилбек,  Кожошева Феруза, Жумалы уулу Чынгыз, Эргешова Аэлита, Раимбердиев Билалга Кара-Кулжа айылындагы Сай участогундагы бош жаткан жалпы 0,25 га   жерден турак жай  үй куруу үчүн ар бирине 5 сотыхтан жер  бөлүнүп берилди.

Бул калктын жергиликтүү бийликке болгон ишенимин арттырып, ар бир жарандын артында ишенген айыл өкмөтү бар экендигин билдирет. Ошондой эле аз камсыз болгон 300 үй-бүлөгө 310 миң сомдук көмүр таркатылды.

Балдардын билим алуусуна – инвестиция

Жакында, Кара-Кулжа айыл аймагынын Сары-Камыш айылындагы Козу Ормокеев атындагы орто мектебинде мектеп окуучуларынын билим алуусуна жетиштүү шарттарды түзүү жана мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында курулган заманбап ашкананын жана китепкананын ачылыш аземи
белгиленди.

Бул мектеп жаңы курулган заманбап ашканасы менен китепканасы айылдарды өнүктүрүү долбоорунун алкагында биргелешкен каржылоонун эсебинен бүткөрүлүп, колдонууга берилди.

Долбоордун жалпы сметалык баасы 10 млн.110 миң 847 сомду түзүп, Кореянын эл аралык кызматташтык агенттигинен (KOICA) жана эл аралык Good Neighbors уюму – Ош облусунун өнүктүрүү фонду, Кара-Кулжа райондук өнүктүрүү фонду, Мерсико эл аралык гуманитардык уюму, жергиликтүү бюджеттен жана демөөрчүлөрдүн эсебинен каржыланды.

Долбоорду ишке ашырууга көмөк көрсөткөн Эл аралык уюмдарга Кара-Кулжа жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын ыраазычылык каттары  тапшырылды.

Жыйынтыгында, айыл аймагындагы О.Сайдилканов, Э.Осмонов, Б.Эшмамбетов, К.Ормокеев, Субан уулу Алмас, А.Юсупов, Токтогул атындагы жети мектепке жана «Кокоев», «Балкыял», «Сейил», «Жоогазын», «Салкын жээк», «Парчабу эне», «Миң өрүк», «Мээрим», «Билимтай» 9 бала бакчага мүмкүн болушунча жардамдар берилди.

Б.Эшмамбетов атындагы мектебинин алдына навес салуу жана төшөлүп турган таман таштарды оңдоп түзөө, А.Юсупов атындагы орто мектебине ачык кичи футбол аянтчасын курууга  жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүнгөн.

Э.Осмонов атындагы орто мектебинин чатырын алмаштырууга жана Токтосартов атындагы китепкананын  долбоору өздүк салымдан каржыланды.

Жакырчылыкты азайткан соцконтракт

Бүгүнкү күндө аз камсыз болгон жарандар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы № 385 «Социалдык келишимдин негизинде социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө» токтомунда каралган социалдык контракт түрүндөгү мамлекеттик колдоодон пайдалануу аркылуу өздөрүнүн жашоо шартын жогорулатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Ушул шартта Кара-Кулжа айыл аймагына караштуу төрт айылдын аз камсыз болгон, жардамга муктаж жашоочулары соцконтрактын негизинде 2023-жылы 27 жаран 100 миң сомдон акчалай каражаттарын алышып, мал чарбачылыгы, вулканизация, соода сатык, тигүү цех, ж.б. менен 27 үй-бүлө иш менен камсыз болгон. 2024-жылы Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган  20  үй-бүлө мамлекеттин эсебинен, 124 үй-бүлө соцконтракт менен 100 миң сомдон алышты.

Спорт – ден соолуктун булагы

Кара-Кулжа айыл аймагында спортко өзгөчө көңүл бурулуп, өз учурунда каржыланып турат. Мисалы, Ысык-Көл, Бишкек, Талас, Ош жана Кара-Кулжа айылдарында өтүүчү оюндарга көмөктөшүүгө, дзюдо боюнча Бишкек шаарына барып катышып келүүгө, самбо боюнча Бишкек шаарына эл аралык мелдешке, Кара-Кулжа Футзал лигасынын футбол спорт оюндарын иш-чарасын өткөрүүгө, Мурас спорт клубуна көмөк көргөзүүгө каржылоо болду.

Ошол эле учурда, Ысык-Көл шаарына мугалимдер арасында өтүүчү волейбол боюнча Спартакиадага катышып келүүгө көмөк көрсөтүү, Көк бөрү курама командасына Бишкек шаарына мелдешке барууга, 1-Май айылындагы ат майдандагы Көк бөрү оюндарын өткөрүүгө, Көк бөрү спорт оюну боюнча айыл өкмөттөр арасында өтүүчү мелдешке көмөктөшүү максатында  акчалай каражаттар бөлүндү.

Мындан тышкары, муниципалдык кызматкерлер арасында өтүүчү 40 жаштан жогору футбол оюнуна катышып келүүгө дагы жардам берилгенин баса белгилеп кетүү керек.

Жыпара ЖЭЭНАЛИЕВА, “Кыргыз Туусу”

 

Гезит

Эффект Ормузского пролива

Конфликт вокруг Ирана потрясает мировую экономику                   Ближний Восток играет ключевую роль в глобальной энергетической системе и международной...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар