Башкы беткеСаясат жана коомКоомАтпай журтка ак кызмат кылган — Акматбек Сүйүмбаев

Атпай журтка ак кызмат кылган — Акматбек Сүйүмбаев

Акматбек Сүйүмбаев  – элине ак кызмат кылууну бакыт катары билген, жарандык позициясы бекем мамлекеттик ишмер катары  тарых барактарына алтын тамгалар менен жазылган инсан. Эмгекке эрте аралашып, эл-жердин тагдыры үчүн тер төгүп, ар бир кадамын абийир менен жасаган бул адам – жөнөкөйлүк, адилеттүүлүк жана принципиалдуулуктун үлгүсү. Замандаштары аны “өзүнө да, башкаларга да талапты коё билген жетекчи” деп баалашкан. Анын ишмердүүлүгүндөгү туруктуулук – коомдук турмушта тең салмактуулук түзүүгө, эл ишеничине ээ болууга өбөлгө болгон.

Улут үчүн күйгөн, элдин камын ойлогон жетекчи катары Акматбек Сүйүмбаевдин басып өткөн жолу – мекенчилдиктин, эрдиктин жана адалдыкты туу тутуунун мектеби. Ал жетектеген жылдарда курулган ири энергетикалык долбоорлор, билим берүү, спорт жана маданият жаатындагы жетишкендиктер – бүгүнкү өнүгүүбүздүн пайдубалын түзүп турат. Анын мүнөзүндөгү жөнөкөйлүк – улууларды урматтап, кичүүлөргө үлгү болуу, адамгерчиликти биринчи орунга коюу – бул  Акматбек Сүйүмбаев атабыздын жашоосу. Анын мамлекеттик ишмердүүлүгү  Кыргызстандын өнүгүшүнүн ар кыл этаптары менен тыгыз байланышкан. Ал совет доорунан баштап көз карандысыз Кыргыз Республикасына чейинки мезгилде ар кыл кызматтарда иштеп, өлкөнүн социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүшүнө чоң салымын кошкон.

А.Сүйүмбаевдин отуз жылдык жетекчилик кызматтардагы басып өткөн жолу айыл-чарбасында, экономикада жана коомдук тармактарда өз изин калтырган. Өзгөчө, элет жергесиндеги калктын жашоо-шартын жакшыртууга, билим берүүгө, маданиятка, саламаттык сактоо системаларын өнүктүрүүгө көңүл бурган. Ал тууралуу эл арасында жөнөкөйлүгү, адилеттүүлүгү жана адамгерчилиги тууралуу сыймыктануу менен айтып келишет. Мамлекеттик ишмер айрыкча жаштарды Ата Мекенди сүйүүгө, билим алууга, эмгекчил болууга, таза-тартиптүү болууга үндөгөн.

Акматбек Сүйүмбаев 1920-жылы 17-декабрда Чүй облусунун  Орто-Алыш айылында жарык дүйнөгө келген. Кыргыз экономика-финансы техникумун ийгиликтүү бүтүргөн соң Тянь-Шань шаардык финансы бөлүмүндө башкы бухгалтер болуп эмгек жолун баштаган. Андан кийин Биринчи май райфинбөлүмдүн башчысы, салык секторунун башчысы, Фрунзе шаардык финансы бөлүмүнүн башчысы, Кыргыз ССР Финансы министрлигинде, Ысык-Көл облфинбөлүмүндө башкармалыктын башчысы кызматтарын аркалаган. Андан кийин Кыргыз ССР финансы министри, Ош облусунун аткаруу комитетинин төрагасы, Ош обкомунун биринчи катчысы, Кыргыз ССР Министр-лер Советинин төрагасы, Кыргыз ССР турак-жай жана коммуналдык чарбасынын министри кызматтарында иштеген.

Улуу Ата Мекендик согушта Советтик Армиянын курамында болуп, фронтто катардагы жоокерден взвод командири (аскердик чини капитан) болууга чейин үлгүргөн. “Варшаваны бошоткондугу үчүн”, “Берлинди алгандыгы үчүн”, “Германиядагы жеңиш үчүн”, “Аскердеги эрдиги үчүн” медалдары, “Кызыл Жылдыз” жана Улуу Ата Мекендик согуштун II даражасындагы ордендери менен сыйланган.

А.Сүйүмбаев СССР Жогорку Советинин бир канча жолку чакырылышынын депутаты болуп шайланып, “Ленин” ордени, “Эмгек Кызыл Туу” орденинин үчөө менен сыйланган.

Улуу инсандын үй-бүлөсү тууралуу айтсак, жубайы Бүбүя орто мектепте мугалим болуп иштеп, эки уул, үч кызды тарбиялап өстүрүшкөн. Кийинчерээк ден соолугунун начарлашынан улам,  персоналдык пенсияга чыккан. А.Сүйүмбаевдин ысмы Ош шаарындагы стадионго, Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн бирине берилген. Мамлекетке сиңирген зор эмгеги үчүн көзү өткөндөн кийин “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамы ыйгарылган.

Н.Д.БАЙСАЛОВА,
Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик
коомдук саясий документтер архивинин
бөлүм башчысы

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар