Сокулук районуна караган Шопоков шаарынын мурдагы мэри Нурадил Станов шаарды 2 жыл жетектеди. Бирок, анын калаа башчысы болуп турганында алгылыктуу иштери көзгө көрүнгөн жок. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан ушул жылдын июль айында ал кармалды. Жаңы дайындалган мэр Раджу Орозбаев азырынча жакшы эле аракет кылып жаткандай.
Канализация жана таза суу маселеси
Шопоков шаарында эң көйгөй жараткан маселелердин бири канализация жана таза суу. Мурунку мэрдин тушунда кышында деле жазында деле канализациялык түтүктөр жарылып кетип маселе жаратчу.
Таза суу берүү быйыл жайы менен үзгүлтүккө учурады. Футбольная көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдө эртең мененки саат 10:00дөн кечки 22:00гө чейин таза суу берүү июнь айынан бери дээр-лик ар күнү токтотулуп жатты. Көп кабаттуу үйдө суу жок болсо жашоо токтоп кала турганын баарыбыз эле билебиз. Сууну токтоткондон кийин мэрия жарандарды ичүүчү суу менен камсыздап берүү маселесин чечкен жок. Июнь, июль айларында сууну дээрлик колдонушпаса да сууга акча төлөштү. Өнүккөн өлкөлөрдө суунун берилбей калганы үчүн тескерисинче кечирим сурап, төлөмдү кайра эсептеп чыгышат. Кыргызстанда болсо “жебеген самсага акча төлөйсүң” деген ушул болсо керек.

Ош – Бишкек жолунун Шопоков шаарына караган тилкесинде канализациялык түтүктөр жарылып, аны оңдобогондун кесепетинен сасыган жыт чоң жолдон унаа менен өткөндөргө да сезилип турат.
Аргасы кеткен тургундар блогерлерге арманын айтып келишет. Алардын айтымында канализациядан аккан сууну ичип 47 уй өлгөн, 2 жаш бала ооруканага түшкөн.


Жаңы мэрден жаңы кадам күтүшөт

Жаңы мэр өткөн айдын соңунда сууну 2 суткага өчүрүп, түтүктөрдү алмаштыруу иштерин жүргүздү. Анын мурдагы мэрден айырмасы атайын унаа менен шаардыктарды таза суу менен камсыз кылды. Ал блогерлерге берген маегинде тендер өтүп, иш башталганын, бирок, жерди казганда суу чыгып ишти татаалдаштырып жатканын билдирди. Жергиликтүү тургундар жаңы мэрден өлгөн мал жандыгы үчүн компенсация төлөп берүүнү сурашууда. Ал эми калаа жетекчилиги соттун чечими керектигин айтууда.
“Тазалык” маселеси курч
Шопоков шаарынын “Тазалык” кызматы таштандыларды жумасына бир жолу чыгарат окшойт. Анткени, таштанды урналар толуп, сыртка чейин чыгып кетет. Ал жерге таштанды таштоого барганда таштандыны таштап кеткенче шашасың. Себеби, үйлөрдөн чыккан таштандылар ысыкта ушунчалык жаман жыт чыгарат, анын жанында турууга такыр болбойт. Андан сырткары арыктарда суу жок, ичи таштандыга толуп турат.
Жол белгисинин жерде жатканына бир аптанын жүзү болду, мэриянын кызматкерлери ошол жерден күндө өтүшөт, бирок, ошону кайрадан орнотуп койгонго жарабады. Дагы бир маселе жол жээгиндеги трансформатор. Анын ачык турганына көп болду, деги эле тийиштүү кызматтын өкүлдөрү аны короолоп койгонду ойлогон жок. Кудай сактасын, эгер кандайдыр бир кырсык болсо эмне болот?
Өткөндүн сабагы
Раджу мырзага кайрылсак, тазалык, жашылдандыруу, жарыктандыруу деген сыяктуу көптөн бери чечилбеген көйгөйлөр бар. Албетте, анын баарын кыска убакыттын ичинде чечүү мүмкүн эмес. Көп мээнет жана күч керек. Командаңызды күчтөндүрүп, Оштун мэринен үлгү алып күнү-түнү иштей турган чагыңыз. Сизден мурунку жетекчилердин кенебес-тиги, аларды мыйзам алдында жооп берүүгө мажбур кылды. Сиз өткөндөн сабак алып, шаар үчүн, шаардыктар үчүн иштеп бериңиз. Кийин сиз кызматтан кеткенде “жакшы мэр болчу” деп элдин эсинде кала турган болуңуз. Алдыда Шопоков шаарынын 40 жылдык мааракеси келатат. Бул күндү шаардыктар кечкисин жарык, коопсуз, таштанды жыттанбаган көчөлөрдө өткөрүүсү сиздин колуңузда экенин унутпаңыз.

Султанбек АМАНБЕК уулу,
“Кыргыз Туусу”

