Башкы беткеСаясат жана коомКоомБУУ: “Өнөктөштүк аркылуу прогресске жетүү” конференциясы

БУУ: “Өнөктөштүк аркылуу прогресске жетүү” конференциясы

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Түркмөнстанда деңизге чыга албаган, өнүгүп келе жаткан өлкөлөр боюнча БУУнун Үчүнчү конференциясынын ачылышына карата катышуучуларды тосуп алуу аземине катышты.

Адылбек Касымалиевди Түркмөнстандын Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердимухамедов тосуп алды.

Мындан соң өкмөт башчы Борбор Азия жана Азербайжан мамлекеттеринин башчыларынын жогорку деңгээлдеги жолугушуусуна катышты.

Түркмөнстандын Аваза туристтик аймагындагы, 2025-жылдын 5–8-августунда өтүп жаткан БУУнун деңизге чыга албаган, өнүгүп келе жаткан өлкөлөр боюнча Үчүнчү Конференциясына 100дөн ашуун делегация катышууда.

Белгилей кетсек, “Өнөктөштүк аркылуу прогресске жетүү” темасында өткөрүлүп жаткан БУУнун конференциясына:

— 32 деңизге чыга албаган, өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн мамлекет башчылары жана өкмөт жетекчилери, делегация башчылары;
— 47 чакан аралдык мамлекеттердин делегация башчылары;
— 49 эң аз өнүккөн өлкөлөрдүн өкүлдөрү;
— БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш жана анын орун басарлары;
— Эл аралык жана аймактык уюмдардын, каржы институттарынын, жарандык коомдун жана жеке сектордун өкүлдөрү катышууда.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар