Чүйдө (Кой-Ташта) өткөн жуманын соңунда Кыргызстандагы жалпы медиаторлордун форуму болуп өттү. Ага өлкөнүн жети дубанынан медиаторлордун өкүлдөрү катышты. Анда ушул жылдын 25-июнунда Жогорку Кеңештин биринчи окуусунан өткөн медиация жөнүндөгү мыйзамга толуктоолорду киргизүү талкууланды.
Иш-чарага Өзбекстан жана Казакстандан келген медиаторлор конок катары катышты. Форумду улуттук медиация борборунун жетекчиси Гүлсина Кожоярова ачып, конокторду тааныштырып, бул медиация мыйзамын талкуулоо менен бирге медиаторлорго кошумча билим берүү зарылдыгына токтолду.

“Медиация жөнүндө мыйзам 2017-жылы кабыл алынган. Бүгүнкү күндө бул мыйзамды башынан жазып чыгуу зарылдыгы келип чыкты. Мыйзамды Юстиция министрлиги менен биргеликте жазып чыктык. Бул мыйзам кабыл алына турган болсо, 2027-жылдын 1-январынан тарта сотко чейин милдеттүү түрдө медиаторлор менен маалыматтык жолугушуу өтөт. Башкача айтканда жарандар талаш маселесин алгач медиаторлордун жардамы менен чечүүгө аракет кылышат. Эгер, маселе такыр эле чечилбей турган болсо, акыркы кадам сотко кайрылуу болот”, – деди ал.
Гүлсина Кожоярова мындай форум жыл сайын өткөрүлүп жатканын, анын максаты медиаторлордун арасында тажрыйба алмашуу экенин айтты. Анын айтымында, өлкө боюнча минимум эки миң медиатор керек болсо, азыр алардын саны болгону 380ди түзөт.
“Өлкө боюнча жалпысынан 2000 медиатор керек деп эсептеп чыкканбыз. Бирок, бүгүнкү күндө 380 медиатор окуудан өтүп, лицензия алышкан. Жогоруда биз айткан мыйзам кабыл алынганга чейин биз болушунча көбүрөөк медиаторлорду даярдашыбыз кажет”, – деди Г. Кожоярова.
Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков медиацияны жалпы журтка жеткирүүнүн үстүндө иштер активдүү жүрүп жатканын айтып берди.

“Медиация деген талаш-тартыш, чыр-чатактарды үчүнчү бейтарап жактардын жардамы менен ийкемдүү чечүүнүн жол-жобосу болуп саналат. Парламент концепциясын жактырган бул мыйзам кабыл алына турган болсо, соттордун иши дагы жеңилдейт. Анткени, ар бир маселе боюнча жарандар сотко кайрылганда алардын иши абдан көбөйүп кетүүдө. Бул мыйзам жарандарды сотко жеткирбей жараштырууга багытталган.
Европа өлкөлөрүндө медиация ушунчалык өнүккөн, жарандар сотко караганда медиаторго көп барат. Медиатор сөзү латын тилинен “Mediator” ортомчу, жараштыруучу, элдештирүүчү деп которулат. Медиатордун чечими нотариус тарабынан бекитилген болсо, ал аткаруу документинин күчүнө ээ болот. Биз жогоруда сөз кылган мыйзам кабыл алынса, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар медиаторго кайрылса, анын акысын мамлекет төлөп берүү жагы каралууда”, – деди.

Медиаторлордун аксакалдарынын бири Авазбек Шамшиев 2019-жылдан бери ушул тармакта иштейт. Ал Ош шаарынын аймагында эң активдүү иштеп жаткан медиатор.
“Мен 2019-жылдан бери медиатор болуп иштеп жатам. Ошол убактан бери 400дөн ашуун медиатордук жолугушууларды өткөрдүм. Кошуна өлкөлөргө барып тажрыйба топтоп келдим. Бүгүнкү форумдан дагы көп нерселерди үйрөндүм”, – деди ал.

“Республикалык медаиторлор бирикмеси” коомдук бирикмесинин жетекчиси Анара Керимбаева медиацияны элге жайылтуу керектигин айтты.
“Биз медиацияны тезирээк эл арасында жайылтышыбыз керек. Жарандар сотко барбай эле маселесин чечип алса жакшы да”, – деди ал.
Медиаторлордун арасында эссе жазуу боюнча конкурс уюштурулуп, катышуучулардын көп добушун алган баткендик медиатор Кумара Имамова 5000 сом байгеге ээ болду.

Форумга Баткен облусунун Кадамжай районунан келген Кудрет Абдуллаев ЖАМКда иштеп ардактуу эс алууга чыккан. Андан кийин медиация боюнча окуп, бул багытта иштеп калганын айтты.
“Ушул жылдын 6 айында мага соттон 4, тергѳѳдѳн 4 иш келди, алардын баары жарандык иштер. Биздин түшүндүрүү иштерибиздин натыйжасында соттон келген 4 иштин үчѳѳ оӊ жагына чечилсе, тергѳѳдѳн келген иштердин баарын чечип бердик. Медиатор дегенди жаӊы түшүнүк катары кароонун кажети жок. Илгери эки тараптын талашын акылман, элдин ичинде аброюу бар аксакалдар чечип берген. Бул ошол эле аксакалдар аткарган иштердин жаӊыча формасы. Ал эми медиаторлорго маянаны ким тѳлѳп берет дегенге келсек, атайын бекитилген тариф бар, ага ылайык, медиаторго келген эки тарап ошол сумманы теӊ бѳлүп тѳлѳшѳт”, — деди ал.
Кудрет Абдуллаев келечекте университеттерде атайын факультет ачып, медиаторлорду окутуу керектигин айтты.
“Менин оюмча медиаторлорду университетте даярдоо керек, эгерде, ошондой факультет ачыла турган болсо, мен биринчилерден болуп окуганга даярмын”, — деди К. Абдуллаев.

Шандилда Жакупов “Казакстандын медиаторлор бирикмесин” жетектейт. Ал кыргызстандык кесиптештери жыл сайын медиаторлордун форумун ар бир облуста өткөрүп жатканына суктанарын, Казакстанда миңдеген медиатор болсо да мындай практика жоктугуна токтолду.
“Бизде медиация жөнүндө мыйзам 2011-жылы кабыл алынган. Жыл сайын миңдеген медиаторлорду окутуп жатабыз. Бизде 10 киши биригип, медиаторлук борборду ачса болот, андыктан Казакстанда азыр жыйырмадан ашуун медиациялык борборлор бар. Ал эми силерде болсо, бардык медиаторлор бир уюмга биригет. Мен муну туура деп эсептейм, ошондуктан силердин медиаторлордун ынтымагы бекем, жыл сайын пикир алмашууга чогула алышат. Мен 2011-жылы мыйзам кабыл алынганда эле сотко чейин
жарандар медиаторлорго милдеттүү түрдө кайрылышы керек деп сунуштап келем. Ал эми силерде бул жагы тездик менен чечилип жатканы мени кубантат”, – деди казакстандык конок.
Ал эми Ташкент медиация борборунун өкүлү Дилфуза Исокжонова Өзбекстанда медиация жөнүндө мыйзам 2019-жылдын январь айында күчүнө киргенин айтты.

“Кыргызстанда өтүп жаткан форум мага абдан жакты. Бизде азырынча мындай иш-чаралар жок, өзбекстандык медиаторлор да жыл сайын чогулуп, пикир алышып турса мен абдан кубанат болчумун. Мендеги маалымат боюнча Өзбекстанда окуудан өткөн үч миң медиатор бар, тилекке каршы алардын баары медиатор болуп иштебейт. Билишимче жүздөй эле жаран активдүү иштеп жатат. Бизде деле силердикиндей эле медиаторлор кызмат акысын келген жарандардан алышат. Бирок, ким канча акча аларын билбейм, анткени ар бир медиатор бааны өзү коет”, – деди Дилфуза Исокжонова.


Кимдер медиатор боло алат?
Медиатор болууну каалаган жарандар жогорку билимдүү, 25 жаштан өйдө, мурда соттолбогон жаран болууга тийиш. Бул тармакты аркалоону каалаган жарандар Улуттук медиация борборунан атайын окуудан өтүп, сертификат жана кызматтык күбөлүк алышат. Окууну аяктагандыгы тууралуу күбөлүк мөөнөтсүз болуп, өмүрүнүн аягына чейин ишмердүүлүк жүргүзүүгө укук берет.
Бирок, медиаторлор жыл сайын окуудан өтүп, билим деңгээлин жогорулатып турууга милдеттүү болушат.
Эл аралык практикада кандай?
Дүйнө жүзүндө медиация популярдуу институт катары кабыл алынган. Жарандар сотко эмес, медиаторго барып маселесин чечүүнү эп көрүшөт.
Улуу Британияда
Улуу Британия медиацияга өзгөчө көңүл бурат. Атайын операторлор дагы бар. Өлкөнүн кайсы бурчунан болсо да, телефон чалып, маселеңизди айтып, кандай медиатор керектигин түшүндүрүп берсеңиз, сизге адистердин тизмесин да беришет.
Тараптардын бири медиация органына кайрылуудан баш тартып, сотко берсе, соттон утуп алган күндө дагы кеткен чыгымдардын баарын төлөөгө милдеттүү. Балдардын катышуусунда үй-бүлөлүк конфликт болсо, сот милдеттүү түрдө медиаторго жиберет.
Кытайда
Статистикалык маалыматтарга ылайык, талаштардын 30 пайызы сотко чейин чечилет. Медиатор тарабынан кабыл алынган чечимдер сот аткаруучулар тарабынан милдеттүү түрдө аткарууга жатат.
Латвияда
Латвияда медиаторлордун орду өзгөчө, алар жарандык, үй-бүлөлүк, эмгек келишимдерине байланыштуу талаштарды кээде кылмыш иштерин да карашат. Бул өлкөдө мыйзам 2014-жылы кабыл алынып, жарандар медиаторго кайрылганда 180 күндөн ашырбай, ал эми соттон келген иштерди 60 күндүн ичинде чечүүгө
милдеттүү.
P.S. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда медиаторлордун көпчүлүк бөлүгүн юридикалык билими бар жарандар түзөт. Ал эми башка кесиптин
ээлеринин бул тармакка кызыгуусу азырынча көп байкалбайт. Дүйнөлүк практикага ылайык, медиацияны өлкөбүздө популярдуу кылуу үчүн коомчулукка түшүндүрүү иштерин мындан да көбүрөөк жүргүзүү мезгил талабы.

Султанбек АМАНБЕК уулу,
“Кыргыз Туусу”

