Барсбек. Эң соңку түн

(тарыхый новелла)

Сырттан аттардын дүбүртү угулду. Ажонун ак өргөсүнө баш баккан Бекчоро  чабармандын кебетеси өтө кубангандай, бир нерсе айтып сүйүнчүлөгүсү келгендей  жайдары эле.

– Келишти!..– деди да, эмнегедир кетенчиктей басып, кайра чыгып кетти Бекчоро.

– Келиштиби?… – Чыдамсызданган Барсбек ажо ордунан өйдө обдулуп, тигиден бир нерсе сурагыча болбой, сырттан астыңкы этектерин кемерине кыстарган эки эрен  биринин артынан экинчиси удаа кирип келди. Камчыларын  бооруна алып, ийилип таазим эткен экөөнө  Барсбек ажо  кучагын кенен жайып, алдынан торой басты.

– Эрендерим менин!…  Аман-эсен келдиңерби, ат-көлүк аманбы?

Шеригине караганда жашы  да улуу, жолу да улуу Эрен Улук ажого илгиртпей  жооп этти:

– Аманчылык, улуу каганым… Келдик. Туура төрт ай жол үстүндө, ат жалында болдук. Көкө теңирдин жардамы менен, элдин, жердин деми менен мына кайра алдыңызга келип  отурабыз…

– О теңири, бул да болсо сенин көмөгүңдүр!.. – Сүйүнүчү  койнуна батпай,  жүрөгү толкуп турганын жашырбады Барсбек ажо. –Аман-эсен кыргыз арасына келип жеттиңер, элчилерим, кубаныч деген ушу, бакыт деген ушу.

Ооба, төрт ай мурун алыс сапарга, Тибетке  жөнөп кеткен элчилер минтип  кайра элге аман-эсен келишкени чынында да чоң кубаныч, чоң мөрөй эле. Ошондой болсо да узак убакыт ат үстүндө, талаа менен түздө, кээде ээн талаа эрме чөлдө   өмүр өткөргөн бул экөөнүн кебетеси абдан эле жүдөңкү, өңдөрү азыңкы көрүндү…

Ажо алыс жолдон келгендер менен кучакташып көрүшүп, аларга отургула дегендей, жанынан орун көрсөттү.  Узак сапарда жүрүп чарчап-чаалыгып, дале болсо өздөрүнө келелек элчи Эрен Улук менен анын жан жигити көптөн бери көрө элек ажону кайрадан көргөндө кубанычтан, чексиз сыймыктан жүрөктөрү түрс–түрс согуп, жүздөрүнөн  ыраазычылык, бакыт   көрүнүп турду. Бирок ушунчалык чаалыккан  элчилер ажого төрт айга созулган узун жол, ары алыс, ары опурталдуу сапар тууралуу төкпөй-чачпай баян этип  бергенге азыр  эч бир шайы жок эле. Аны Барсбек ажо элчилер эшиктен киргенде, кол беришип учурашканда эле билген. Андыктан эң биринчи жакшылап  эс алышсын, өздөрүнө келсин, болгон кептерди кийинчерээк деле сүйлөшөөрбүз, убактыбыз бар го деп ойлоду  ичинен ажо. Анын үстүнө сүйлөшө турган, шашпай акыл сала турган иштер чынында да өтө көп болчу…Барсбек ажо да каганаттын ички турмушун, сырткы турмушун эң сонун билген Эрен Улуктун алыс сапардан келишин чыдамсыздык менен күтүп аткан.

– Керуленден кандай өттүңөр? Кыйналдыңарбы? Селенгеденчи?  Анын суусу жайда ташкын, кышта чатыраган көгайкы муз болчу эле демейде… –  Ажонун суроосуна ооба ошондой, туура айтасыз дегендей баштарын ийкеп отурушту эки нойон.

– Өттүк го аман-эсен.  Баягы какыраган кара ташынан башка, анда-санда сербейген сөксөөлүнөн башка эч нерсе өспөгөн ырыс–кешиксиз эрме чөлдө азыраак кыйынчылыктар болду, албетте…

“Азыраак кыйынчылыктар болду”…Коштогон жигиттери менен нечен азаптарды тартса да, эч бир сыр билдирбеген элчи Эрен Улукка Барсбек ажо ичинен ушунчалык ыраазы болуп отурду. Бир эмес, бир нече жолу Кытайга, түп Бээжинге элчиликке жумшаган, тапшырган ишин ар дайым так аткарган, адам укпаган тилдерди билген Эрен Улукка ажо  чын дилинен ыраазы эле. “Мына дагы бир жолу кыргыздын учун узартып, каганаттын кадырын көтөрүп, алыскы Тибетке барып, алака түзүп келди”.

Элчилер келди деген сөздү укканбы, Бекчоро чабарман эшик ачканда, этек–жеңине жабышкан карды күүп, Барсбек кагандын эң жакын сырдашы, акылчы-даанышманы Куланчур кашка  өргөгө кирип келди.

–Улуу каганым!.. – Куланчур ажо менен кол беришип учурашып, андан соң элчилер менен кучакташып көрүштү.

–Кел, баатыр, төргө.

Куланчур кашка каган отурчу секичедеги туурдун тушуна көчүк басты.

Барсбек ажо сөзүн улады:

–…Жай бүтүп, жылкылар жайлоодон жаңы түшкөн кезде, күн салкындаганда Тибетти көздөй жол кеттиңер эле, мына эми теңир жалгап, кычыраган кышка карабай кайра аман-эсен эл-жерге келип жеттиңер. Көрүп турасыңар, бул жерде кыштын кырдаалы жаңы келип, аяз кычап, найза бою кар түштү. Кар омуроого чыгып, суук күчүндө. Алыс сапарга кеткен элчилерибиз не болду экен деп көп санаа чектик го мында…

Ажо сүйлөп атканда демин эми баскан нойондор ал айткан ар бир сөздү маани берип угуп, кээ-кээде колду көкүрөккө ала баш ийкеп отурушту.

– Бакыт деген ушу, аман-эсен эл-жерге келдиңер. Илгерирээкте Кытайга, түп Бээжинге кеткен элчилерим кээде кайра кыргызга оңой менен жете албай, жолдо аттарынан ажырап, ач бел, куу жондо калган күндөрү, ал эмес ат кошчулары азап–тозокко чыдай албай мерт  болуп кеткендери да болгон. Туурабы, элчим?  – Ажо маңдайында отурган Эрен Улукка карады. – Тибет түп Бээжинге  караганда жакыныраак го кантсе да, бирок жетиш, жеткенден кийин кайра келиш азаптын азабы…

Чаалыкса да сыр билдирбегенге аракет кылган элчи  Эрен Улук ажонун  оюн тапкандай:

– Туура, жакыныраактай көрүнгөнү чын. Бирок… Тибет башта биз көргөндөн таптакыр өзгөрүп кетиптир, улуу каганым. Эмнегедир эл ичи тынч эмес экен. Дин тутуп, көпчүлүк эл бутка сыйынып, таш коргондорго, үңкүрлөргө тооп кылыш үчүн топурап топтолгонду адат кылып алышыптыр.  Эки айдан ашык эл араладык, талаасында да, түзүндө да жашадык. Кайласка жеттик. Улуу кагандан, сизден, кыргыз элден санаа-тилектерди лама деген жогорку даражалуу дарканына толук жеткирдик. Сөз бекитиштик. Алар да сизге, улуу каганга, зор сыйы бар экенин, кыргыз дөөлөтүнун урматын чын дилинен барктай турганын, тааный турганын билдиришти.  Ырас, мурункудан башкачараак жашоо сүрүп, кошунасы Кытай менен алакалары аябай бузулган учурда барыптырбыз. Тибетке караганда мына биздин Кытай менен мамилебиз алда канча дурус экен, улуу каганым…

Куланчур кашка сөзгө аралашты:

– Кытай менен мамилебиз байыртан жакшы го. Алар менен эч качан согушпадык, тең тайлаш болобуз, тең ата болобуз деп жаңжалдашпадык. Ар дайым элчилерибиз каттап турду. Илгертен ушул эле уйгурлардын колуна түшүп кеткен кытайдын нечен канзаада кыздарын туткундан бошотуп, колдоруна аман–эсен салып берип жүргөнбүз. Кытайдын канзаада кыздарына менмин деген баатырларыбыз үйлөнгөн, сөөк бекитишкенбиз, – деди Куланчур элчинин айтканын коштоп.

– Айтканыңыз  калетсиз, баатыр. Бирок биздин айлана-тегеректе, каганаттын тышында көп маселелер бар экен, – деди анча-мынча ак аралап бараткан чокчо сакалчан, арык чырай, ар бир сөзүн салмак менен сүйлөгөн Эрен Улук демейки сыпайгерчилик менен.

– Бизге чейин Култегиндин элчилери да Тибетке келип кеткенин билдик. Ошондуктан, улуу каганым, сиз менен акылдаша  турган иштер көп сыяктуу…

Элчинин Барсбекти улам-улам “улуу каганым” дегени жалпы журтка, негизинен каганаттын сыртында көптөн бери  дайын жогорку наам  эле, бирок ошого карабастан калың журт, айрыкча элге башы көрүнгөн эрендер менен тутуктар  башынан көнүп калган үчүн  көбүнчө  “ажо” деп сүйлөшчү. Ооба, Барсбектин каганат түптөлгөндөн кийинки улуу, кичүү журттар тааныган наамы азыр    Каган, ал гана эмес Ынанчу Алп Билге болчу.

Элчинин майдалап айтып бере турган, каганаттын ичиндеги, тышындагы ал-акыбалды ортого салып, тереңдеп ой бөлүшө турган аңгемелери арбын экенин сезген Барсбек каган тек гана кыргыз улусунун азыркы абалын башкалардан укпай, менден уксун дегенчелик кылып, кыш-кыроодогу  эл турмушун учкай сүйлөп өттү:

– Кеңеше келип, быйыл кышты Сунганын кылдоосунда өткөрөлү дедик. Эми бул жер Орхон менен Өтүкендей жайык, күндүү эмес, кар оор түшкөн жер экен. Атам замандан бери көнүмүш болгон мекенибиз Миң-Суунун боюна кыштайлы, болбосо ата-бабабыз киндик кесип кир төккөн Энесайдын ылдыйкы куймасына токтойлу десем ынанышпады булар…Көпчүлүк, айрыкча түмөн башы, жүз башылар. Мынабу Куланчур кашка ошол сөздүн эң башында.

– Каган жанында отурган Куланчур тарапка ээк жаңсады.

– Жазга чейин күч топтойлу, курал–жарак камдайлы, темирчилерди ишке салалы, көк түрктөр менен чабыш эртедир–кечтир башыбызда дешти. Бу Сунга дегени жогору жагы калың токой, төмөн тарабы төрт аркан бою келген тик жар менен бүткөн чакан өрөөн экен. Бул кыштоонун аты Шаркыратма дешти.  Силер Тубутка элчилик максат менен аттанган убакта жай ортосунан өтүп,  мал туташ семирген кез эмес беле. Азыр эми кыш келип, суук кычап, аттар оор жааган карды араң жиреп калды. Биздин жакшылар, мына жанымда отурган Куланчур билге Култегиндин түмөндөрүнө эми анык жол жабылды, чоң Саяндын кыркасындагы Көгмендин ашуусунан өтүш ала жазга чейин эч бир мүмкүн эмес, тынч болобуз деп сүйүнүп отурушат… Биз бир убакта карлуктар менен кармашканда мындан да терең карга карабай жортуул жасап, кыштаган кыштоолорунан козгобой туруп чөгөлөткөнүбүздү унутушкан сыяктанат…

Ушуну айтты да, Барсбек каган маңдайындагы жүнү уюлгуган аюу талпакта Куланчур билге менен катар мандаш токунуп отурган атактуу залкар Эрен Улукка, анын жанында ат кошчу болуп дайыма бирге жүргөн ат кошчусуна аталык камкордук, ысык мээрим менен карап койду. Көз карашынан “Не деген азаматтар, кежигесинде жалы бар нака шерлер го ушулар, ой-парасаты толкуп ташкан эрендер го булар…” деген жылуу мамиле, мээрим көрүнүп турду.

– Айткан – дегендериңиздин  баарын толук аткардык, улуу каганым. Качан десеңиз болгон иштерди, баштан кечиргендерди төкпөй–чачпай жомоктоп берээрбиз. – Эрен Улук оор басырык сөз кыстарды. – Азыр десеңиз азыр, эртең десеңиз эртең, улуу каганым.

Эрен Улук элчи адатынча ток этээрин гана сүйлөп, төрт ай бою көрө элек каганга дагы бир жолу көз кырын таштады.  Кыргыздын даңазалуу ажосу Барсбектин сүрү, жүзүндөгү кайраты, кимге да болсо тик караган оор көз карашы чынында да башкача эле. Жалбагай ооз, узун жаак, сүйлөсө доошу бийик, турса олбурлуу бою боз үйдүн уугуна тең келген, атайын жасалгаланган кооз тууруна отурганда комдонгон жолборстой түрү бар кагандын кимди да болсо шаштыра тургандай сөөлөтү бар болчу. Айрыкча кармаганынан кан чыгара тургандай шадылуу манжаларычы. Бул кол менен каган ач жолборсту да кекиртектен алса жерге тырпырата басчудай…

Эрен Улук Барбектин ушул сөөлөтүнө дагы бир жолу канааттанып, ичинен “Улуу каганым!..” деп кайталап, сыймыктанып, толкуп турду. Ушул адам отко десе отко, чокко десе чокко да даярмын го деп, ошон үчүн терең бактылуу эле. Ошону менен бирге Барсбек кагандын ага болгон ысык мээримин жаны менен туюп, ансайын атанын тизесине баш жөлөгөн жаш балача денеси балкыды. Санаасы тынды. Анын үстүнө Ынанчу Алп Билги наамы бар Барсбек кагандын эл ичинде да, алыс–жакын журттарда да кандай зор аброю бар экенин Тибетке барганда өз көзү менен көрдү го. Андан мурун Бээжинге элчилик сапар менен барганда да кыргыздардын өкүмдарын алар Улуу каган деп, Инал деп тааныганын өз кулагы менен уккан, жеке өзү күбө болгон …

– Ал эмесе, эрендерим, дем алгыла, калган кеп-сөздү эртең жай отуруп сүйлөшөөрбүз. – Каган эс алгыла дегендей ишаарат кылды жанындагыларга. Элчилер менен кошо Куланчур билге да сыртка чыкмак болгондо:

– Сен кетпей тур, сүйлөшө турган кептер бар, – деди ага каган.

Элчилер кеткен соң Барсбек ажо жамынып отурган илбирс ичигин кымтына отуруп, Куланчур билгеге башкача бир маанайда ойлуу сөз этти:

– Ушундай эрендер барда, эч кимден тайсалдабаган, эч кимден жалтанбаган баатыр эл барда кантип башка бирөөлөрдүн түндүгүн тикелеп, байрагын көтөрөбүз? Түндүк тарабы Байкөлгө, түштүк ыптасы чоң Кытайга, тоолуу Тибеттин чегине барып такалган, күн чыгыштан күн батышка жайылып, кыйкырсаң үн жетпеген, чапсаң күлүктүн күчү жетпеген жерлерибизди, тоо, талааларыбызды, бизге ыктаган чоң-кичине элдерди кантип башкаларга өткөрүп беребиз? – деди каган Куланчурга карап, не кеңеш сураганы, не ой бөлүшкүсү келгени белгисиз.

Ушул жерден көптөн бери ичинде сактап, бирок угуза айтканга эч бир даабай  жүргөн оюн бөлүшмөккө Куланчур кашка этиет сөз баштады:

– Ооба, кимге болсо тиш салган, кармаганынан кан чыгарган Капаган каган жакында тынчый турган эмес. Мен бүтүн темирчилерди ишке салып, жасап аткан жарактарын, найзага учтай турган деңгээлерин көрүп келдим. Теңирим колдосо, жазга чейин көп иш бүтүп калчудай. – Куланчур билге каганды жубаткандай сүйлөдү.  Бирок да Барсбек каган билгизбегени менен баары бир көп нерсеге нааразы экендиги сүйлөгөн сөзүнөн билинип калды:

–Бүгүн кыргыздын бир нече чоң уруусунун тутуктары, даркандары келип кетишти. Капаган кагандын, кыргыздар айткандай, кабаган кагандын түрү жаман дейт го, кандай кылабыз деп кабатырланып келишкендей. Мен жөн жерден дүрбөлөң чыгарбагыла, элди тынч кармагыла дедим. Култегин менен биринчи жолу кагылышып аткан жерибиз жок, эң негизгиси – биздин биримдигибиз, кайрат-күчүбүз. – Каган ордунан туруп, керегеде жөлөнүп турган сыр найзасын колуна алды, топоздун куйругунан жасалган түпөгүн оңдоп-түзөп, кайра ордуна койду. Сыягы, биримдик, кайрат-күч дегенде өзү да байкабай жоокерчилик замандын негизги куралы болгон сыр найзасын, жамбашында салаңдаган зулпукорун, нечен жоонун канын төккөн  ач албарсын текшергиси келди окшойт.

Куланчур кашкага Барсбек ушу тапта  кандайдыр бир кеп–кеңешке муктаж болуп, колдоо издеп, бир чечимге келе албай, ою удургуп тургандай  сезилип кетти.

– Айтканыңыз туура дечи… – Сыпайы маанайда сөз баштады Куланчур. – А балким даркандардын  да билгени бардыр. Көк түрктөрдүн жакындашалы деген аракетин босогодон аттатпай туруп четке какканыбыз… кандай болот… Ойлонсок кантет дешкен чыгаар… Култегиндин деле кыргыздарга душмандык кылайын деген тилеги жоктой. Биригели,  бир  тууну көтөрөлү, бир пикирде бололу, болбосо кырылышабыз деп атат ал деле… Нечен  жолу чабыштык Капагандын колу менен. Дагы канча жолу бет келишебиз – аны Көкө теңир өзү билет. Не дегейсиз, каганым?…

Ыйбаа сактап, коңур үн менен салабаттуу сүйлөгөн Куланчурдун  бул сөзү кагандын жаралуу жерине тийип кетти окшойт, күтүлбөгөн жерден каары келген Барсбектин тик сайылган кыл муруту ого бетер  түктүйүп:

– Куланчур, сен ушул сөзүңдү мага эле айтып жатасыңбы же  далайдан бери элге–журтка таратып жүргөн сырыңбы? Айт ачыгыңды! – Каган жанындагы Куланчурга бет буруп, тынч жаткан жеринен кокус  козголгон жолборстой  күр этти. Барсбектин чын  каары келсе оңой менен жазылбаганын, эч нерседен кайра тартпаганын жакшы  билген Куланчур дагы эмнени айта койдум эле дегендей чочуп кетти. Анын үстүнө Барсбектин каары келгенде теше тиктеген көз карашы, бүркүттүн канатындай бириге  калган коюу кашы кимди да болсо шаштырып жиберчү.

– Култегиндин зордугуна башка болсо да кыргыз моюн сунбас… Саныбыз азыраак болгон менен кайратыбыз мол. Жоогер журтпуз. Кыргыз деген кырып түгөткүс, түгөнгөн сайын түтөгөн журт, биле жүр, кашкам! Чабышса чабышабыз, тиштешсе тиштешебиз!

Бекер жерден кагандын каарын козгоп алганына өкүнүч эткен Куланчур билге сабыр менен, чыдамкайлык менен Барсбектин айткан сөздөрүн унчукпай тыңдады. Мындайда ажо менен сөз талашуу жакшылык менен бүтпөй турганын билген акылгөй да, амалкөй да Куланчур маселени ылайыксыз учурда козгоп алганын эми сезип,  эч  бир каяша айтпады. Талашпады. Мындайда эң дурусу кагандын айтканын кунт коюп угуп, эркине баш ийүү эле. Барсбекти бармактайынан бери билген Куланчур бул жолу да
ошентти…

Күтүлбөгөн жерден май чачкан оттой дүрт эткен Барсбектин каары бара–бара тарап, бир топко барып анан өзүнө келсе болобу.

–Тууганбыз, түбүбүз бир деп какылдаган ортомчулары айрыкча Култегин  курукандарды курута чаап, андан кийин түргештерди  кызыл кереге кылгандан кийин ого бетер күчөдү. А бирок зордоп берген аш болобу? Кыргыздар илгертен ушундай жашап келген, дагы да жашай берет. Ырас, жердин шартына карап жер котордук. Кытайга, Теңир-Тоого каттаганга оң, соода-сатыккка ыңгайлуу экен деп  Кемкежиттин жээгинен  жылдык, чоң Саяндын кыркаларына, Алтайдын  тоолоруна, өрөөндөрүнө  чейин тараган чоң журт болдук. Бир канатыбыз ак карлуу Ала-Тоого тарады. Кытай менен болсо илгертен жакшы ымаладабыз. Монголдор менен туугандашып, Кангай менен Хингандын жайлоолоруна каалаган убакта мал жайдык. Кем кежитти мекен тутуп, Керүленди, Кыргызнурдун көлүн  жээктей кыркалата боз үй тиктик. Түрк каганы Элтериш–Кутлуг  мага өз кызын колукту кылып берди. Себеби  көк түрктөргө тен ата болобуз деген кыргыздар менен куда сөөк болмокчу, өздөрүнө тартмакчы… Мына азыр  биз бийлик жүргүзгөн туба журтунун жерине келип, Сунганын токоюн, суусун жээктей конуш алдык. Отун-суусу кенен, кыштоо-го ылайык, душмандан паана, жогору тарабы чер токой, ылдый тарабы төрт кез  бийик жар экен деп мени көндүргөн өзүң болдуң го баатыр?

Куланчур көптөн бери катып жүргөн купуя сырын билдирип алгансып, дене–бою калтырап, шашып кетти. Барсбек менен катар жүрсөң башыңды баталгага байлай жүр деген накыл кепти эстей койду…

Улуу кагандын сөзүн сырттан баш баккан Бекчоро чабарман бузуп кетти.

– Ажом, сизге каңды тукуму менен дөөлөс, коңураттардын бектери келди. Айтчу сөзү, сурай турган суроосу  бар экен…

Учурдан пайдаланып, Куланчур билге кеткенге камынгандай ордунан козголо кетти. Кагандын уруу башчылары менен сөзүнө аралашкысы келбеген Куланчур ажого бурулуп:

– Уруксат эткейсиз, улуу каганым? Сиз менен жүз көрүшүп, элчилердин аман–эсен келгенин көрө кетейин деп кире калган элем…

Каган Куланчурга түшүндүм дегендей баш ийкеп:

– Азыркы айткан сөзүңдү экинчи кулагыма угузба, баатыр. Жазга аман-эсен чыгалы, жоо-жарактарды камдайлы, мал-жанды кыштан чыгаралы-мына ушуну ойлон.

Камчысын бооруна алган Куланчур артына бурулуп, өргөдөн сыртка
чыкты.

Барсбек ажо Бекчорого карап:

– Киргиз бектерди,– деди. Кыргыз улусундагы чоң, кичине уруулардын бектери менен кез-кез жүз көрүшүп, ой-пикирлерине, оокат-тиричилигине кулак төшөмөй Барсбек кагандын башынан келаткан тартиби.

Жылбырскы тон, илбирс ичик кийип, сүлөөсүн тебетейлери башында сеңселген бир нече даркан босогону аттады. Сый-урматчыл саламдарын айтып, каган менен жакындан кол алышып учурашышты. Барсбек элдин эсенчилигин, кыш-кыроодогу турмушун, жалпы мал–жандын акыбалын сурамжылап, бектердин сөзүнө дыкат кулак түрдү. Үч чоң уруунун даркандарынын ажодон сурап билгиси келген негизги суроосу – Култегиндин наамынан байма-бай каттап аткан көк түрктөрдүн ой-пикири кандай, көздөгөн максаттары не, ошону билүү экен.  Барсбек каган болгонун болгондой айтып келип:

– Дегинкиси, бектер, оң канат, сол канаттагы кыргыздарды дагы да бекем бириктирип, биздин улуу каганатты чачыратпай сактайлы. Аман-эсен жазга чыгалы. Күн чыгыштан күн батышка жайылып кеткен Каганаттын ар тарабын камтып, бир тутумда кармап турганга кудуретибиз жетеби – кеп мына ушунда болуп турат. Күнү бүгүн Тубуттан биздин элчилер кайтып келди. Тубутка караганда мына биздин чоң Кытай менен алакабыз алда канча дурус экен деп келишти. Эрен Улук баштаган элчилер менен эртең шашпай пикирлеше турган болдум. Айтор, биз, кыргыз улусу, жаа-
нын саадагындай бир жеңге биригип, күч топтой алабызбы, чоң журт болуп чогула алабызбы – менин тилегим мына ушунда… Биз байыртан түп тутуп келаткан, намысты колдон чыгарбай келген эски калкпыз, касиеттүү боз бөрүнүн тукуму аталган түптүү журтпуз, ушуну эстен чыгарбайлы.

Ушу менен кыргыздын эң эски уруу-ларынын бектери улуу кагандын кебине муюп, ой-пикирин угуп, элине аттанышты.

…Кечки ымыртта, очокко отту алоолото жактырып коюп, улуу каган кайра эле өз ойлору менен алек. Элчилер Тибеттен аман-эсен келип, тышкы дүйнө менен карым-катнашты бекемдеп келатканы менен Барсбек кагандын жүрөгүн эзген бир топ ички маселелер бар эле. “Кыргыз кыргыз болгону жер-сууну алдырбаш үчүн, башка бирөөгө күнкор болбош үчүн кырылышып эле келатабыз, – санаа жүгүрттү каган. – Жалаң  Култегиндин түмөндөрү менен жыйырмага жакын жолу кагылыштык го. Түмөндөгөн аскери, жер жайнаган колу болсо да ал жеңе албады кыргызды. Дагы кармашса – дагы эле ошо  болот. А бирок…

Барсбек каган ушу жерден эртерээк көзү өтүп кеткен  бекзаада атасынын “Сырткы душманды көкүткөн-ички душман” деген акылман сөзүн эстеди. Бул кептин акыйкаттыгына нечен жолу ишенди го.  Ушуну ар дайым көңүлдө туткан Барсбек ажо кээ-кээде өзүнө-өзү суроо салат: көк түрктөрдү көптөн бери бизге көкүткөн ким? Ичибизден эмеспи алар?  Өзөктөн чыккан өрт болуп жүрбөсүн? Өзүнө өзү суроо салганы менен ага жооп табыш андан бетер кыйын иш эле. Себеби сырткы душман кылычын кынынан сууруп, найзасын сундуруп, бет алдыңан чыгат. Ал эми ички душманчы? Аны кантип ажырата таанып, бирден сууруп чыгасың? Кеп мына
ушунда го…

Түпсүз ойлордон алаксыйын дедиби, каган жан жигити Бекчоро нойонду чакырып:

– Баягы Аккуш Эгинчи кайда экен? Чакыртчы мага, –деди. Аккуш Эгинчи – коңурат уруусунан чыккан атактуу сөзмөр, оозун ачса жүрөгү көрүнгөн чечен, ошону менен бирге көмөкөйүнөн көөрү төгүлгөн, жаагы жок ырчы. Кагандын чакыртканы аны ырдатып-чоорлотуп, көңүл жубатуу үчүн эмес, андан сурай турган бир катар  маанилүү кеп-сөздөр бар эле…

Көп өтпөй адатынча кабак-кашы жарык, жарашыктуу серпилген сакал-муруту субагай жүзүнө куп ылайык, көз карашы сүйкүмдүү, арык чырай Аккуш Эгинчи босогону аттады. Кандай гана жортуул болбосун жанында ала жүргөн Аккуш кашка аты бар нойонду Барсбек каган ар качан ак жолтой деп санап, жакшы көрчү, бош боло калганда  же кеңеше турган маселе чыкканда жанына отургузуп алып, кеп-сөзүн тыңшачу. Канча батман эгин-тегини бар экенин, элдеги дыйканчылыктын кем-карчын сурачу. Анын сөзүн Барсбек ар дайым дитин коюп укчу. Ал эми Аккуштун ташка тамга баскандай таамай сөздөрү, ырлары, ал билген ата сөздөрү Керүлендин агымындай учсуз чубалып, эч бир бүтпөйт эмеспи. Бүгүнкү акшамда да улуу каган Аккушту жанына алып, өткөн–кеткен тууралуу, бүгүнкү заман, эртеңки турмуш тууралуу ой-пикирин тыңшаганга, кыштын узун түнүн бир аз кыскартканга көңүлү тартып турду…

Аккуш кепти дароо эле акыркы жаңылыктан – Тубуттан элчилердин аман–эсен келгенинен баштады:

– Эрен Улук кайра келген турбайбы? Айта тургандары, уккан-көргөндөрү көп чыгаар?

– Бүгүн аларды эс алганга жибердим, арып, чарчап, кирпигинен тартсаң жыгылчудай араң турушат. Эртең келгиле дедим. Өзүң кандай, Эгинчим? Көк түрктөрдүн кашкасы Жолдук тегин ар түрдүү жомок-баяндарды ойлоп чыгарып, жаздан баштап таш бетине кат чектирем дегенин угуп атам. Кабарың барбы? – сурады Барсбек каган.

(Уландысы бар)

Осмонакун ИБРАИМОВ

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар