Кечээ Кыргызстандын Улуттук жазуучулар үйүндө Дархан Кыдыралынын “Ташка жазылган тарых” китебинин бет ачары болду. Китеп былтыр казак тилинде, быйыл кыргыз тилинде жарык көрүп отурат.
«Ташка жазылган тарых” Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тарых илимин өнүктүрүү комиссиясынын кубаттоосу жана колдоосу менен, жарык көргөн. Китептин рецензенттери – белгилүү тарыхчы-окумуштуулар Зайнидин Курманов, Айдар Көчкүнов, казак тилинен кыргызчага которгон PhD түркология доктору Негизбек Шабданалиев.
Кыргыз Республикасынын Баатыры Медеткан Шеримкулов, Кыргызстандын Президентинин кеңешчиси, Кыргыз эл жазуучусу Арслан Койчиев, академиктер Абдыганы Эркебаев, Осмонакун Ибраимов, белгилүү түрколог окумуштуу Кадыралы Коңкобаев баштаган жазуучулар, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер катышкан бет ачарда академик, жазуучу, мамлекеттик ишмер Дархан Кыдыралынын керемет китеби жөнүндө кенен сөз болду. Жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев белгилегендей Дархан Кыдыралинин жаңы китебинде кыргыз менен казак элинин өткөн доордогу тарыхындагы урунттуу окуялар, кыргыз-казак коомчулугуна жакшы белгилүү тарыхый инсандар тууралуу мыкты тил менен жаңы баяндар камтылган. Дархан мырзанын кыргыз-казак элинин достугу үчүн кызматын жогору баалап, Медеткан Шеримкулов “кыргыз элине жасалган кызмат казак элине да жасалган кызмат, казак элине жасалган кызмат кыргыз элине жарыгы тиет” деген уңгулуу накылын айтты.
Дархан Кыдырали казак-кыргыз достук мамилелеринин интеграциясын тереңдетүү жөнүндө Казакстанда кабыл алынган “Казак кыргыз достугу жөнүндө” мыйзамдын демилгечилеринин бири. Ал Эл аралык Түрк академиясынын президенти болуп турган кезинде, түрк дүйнөсүнө чын дилден кызмат өтөөнүн бийик өрнөгүн көрсөткөнү белгилүү.
Китептин тушоо кесүү аземинде чыгарма жөнүндө гана сөз болбостон, өтмүш менен келечек, түрк дүйнөсү, асыресе кыргыз-казак бир туугандык мамилелери, көөнө түрк дүйнөсү жана түрк цивилизациясы, маданияттар интеграциясы тууралуу маңыздуу кептер козголду.
Окумуштуу Дархан Кыдыралиев кыргыз-казак мамилелеринде айрым тарыхый окуяларга байланыштуу коомчулукка таңууланган кээ бир жаңылыштыктар бар экенин, өткөн доорлордогу терс окуялар бүгүнкү жана келечектеги мамилелердин мүнөзүн аныктоого тийиш эместигин белгиледи. Калети жок. Маселен, Европада жүз жылдап согушуп, бири бирине кыргын-сүргүн салган элдер бар. Бирок бүгүн ошол элдер бекем ынтымакта, дос-тук мамиледе. Бир кезде кыркылышып кеткен сөөк өчтү душман элдер азыр Европа шериктештигин куруп, биригип оокат кылып жатышат. Кек кууса ошолор кууйт эле. Демек тарыхтын терс жактарын эмес, бизди тагдырлаш кылган, боордоштугубузду көрсөткөн, өзөнү бир элдин өзөгү да бир экенин эл-журтка көп айтып, бир тууганчылыкты бекем туткан муун тарбиялообуз кажет.
Боордоштук демекчи, окумуштуулар, айрыкча тарыхчылар алдында түрк элдери бири биринин тагдырына кандай караганын терең изилдөө керек. Бул азырынча чети оюла элек тема. Мисалы, Улуу Кыргыз каганаты кыйраганда, калган түрк тектүүлөр кандай абалда болду, айталы Казак хандыгы же Шибер хандыгы, Крым хандыгы, Осмон империясы кыйраганда, Орто Азиядагы түрк элдеринин 19-20-кылымдардагы кыйчалыш кезин башка түрк тектүү боордоштор кандай кабыл алды, не мамиле кылды деген сыяктуу маселелерди кароо балким зарыл. Ошондо да бири бирине жан тарткан боордоштуктун үлгүлөрүн баса белгилеп, баркын чыгара айтып, бабаларыбыз кетирген каталарды сая көргөзүп, сабак алганыбыз абзел.
Жакшынын шарапаты. Акыл камтылган китептин тушоо кесүүсүндө изги ойлор жаралат бейм. Ошол жерде кыргыз-казак интеллигенциясынын эмки курултайын өткөрүү, акылгөйлөрдүн, өнөр адамдарынын эки элдин достугуна жана бир туугандыгына арналган форумун кыргыздын төл гезити “Кыргыз Туусу” менен казактын улуттук гезити “Егемен Казакстан” медиа платформа болору, бул ишти эки өлкөнүн медиа агенттиктери кубаттоосу керектиги айтылды.

