whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.01.2026
-13.9 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүЭдил Байсалов Жалал-Абаддагы социалдык объектилердин абалы менен таанышты

Эдил Байсалов Жалал-Абаддагы социалдык объектилердин абалы менен таанышты

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Тогуз-Торо районундагы бир катар социалдык мекемелердин ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. 

Анда, Кара-Суу айылындагы “Кара-Суу айылдык аялдар кеңеши” коомдук бирикмесине, жакында эле курулган айылдык китепканага, ошондой эле А.Жакишов атындагы жалпы дарыгерлик практика борборуна, А.Сыдыков атындагы райондук маданият үйүнө жана “Аракет” реабилитациялык борборуна барды.

Эдил Байсалов өзгөчө алыскы аймактардагы жарандардын ден соолугуна жана бакубаттуулугуна кам көрүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.

Социалдык объектилерди текшерүүнүн жыйынтыгында тиешелүү министрликтерге жана жергиликтүү бийлик органдарына көрсөтүлгөн кызматтардын шарттарын жана сапатын жакшыртууга багытталган бир катар тапшырмалар берилди.

Гезит

Бактысын гүлдөн тапкан Гүлмайрам

               Каарманыбыз Гүлмайрам Карабаева эженин гүлгө болгон кызыгуусу балалыктан башталган. Ошондон тарта анын кызыгуусу өчкөн жок. Тескерисинче өсүп,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар