Амирбек Азам уулу таанымал журналист, публицист жана котормочу. 1995-жылдан “Азаттык” радиосунда иштейт. “Кыргыз Туусу” гезити алыста иштеген мекендешибизге айрым суроолор менен кайрылып, кеңири жооп алдык.
– Сизди журналист, публицист, котормочу катары жакшы билебиз. Бирок, сиз Ленинграддагы (азыркы Санкт- Петербург) финансы жана экономика институтун бүткөндөн кийин, бир нече жыл республиканын Борбордук статистика комитетинде иштепсиз. Журналистикага кандайча келип калдыңыз эле?
– Журналистикага келишим кокустук болбоду. Студент кезде анча-мынча кабар жазып, алар «Кыргыз маданияты» жумалыгына, «Ленинчил жаш» гезитине басылган. Бирин-экин көркөм котормом да чыккан. Ленинград мамлекеттик университетинин журналистика факультетинде окуган досум Жумагазы Усуповдун демилгеси менен «Көпүрө» деген көркөм-публицистикалык журналдын 5-6 санын чыгардык.
Студенттик жылдары Абибилла Пазылов (жазуучу, драматург) түрткү болуп, «Кыргызстан маданиятына» маданий темадагы жаңылыктарды жазган учурларым болду. Статистика комитетинде иштеп жүрүп, силердин гезитке – «Советтик Кыргызстанга» экономика боюнча кыска кабарларды жаза баштадым. Дагы, кыргыз радиосу менен кызматташып калдым. Телевидениенин коомдук саясый редакциясынан Кенжалы Сарымсаков агай да экономика темасындагы көрсөтүүлөрүнө чакырчу болгон.
Ага дейре, «Кыргызстан айыл чарбасы» журналы менен жигердүү иштештим. Албетте, кызматташуунун демилгечиси журналдын кыргыз бөлүмүнүн жетекчиси Жумагазы Усупов досум болду. Журналдын ар бир санына макала жазып жүрдүм.
Горбачёвдук «кайра куруу», «айкындык» жараяны саясат жана экономикага байланыштуу талкууларды жандандырып, түрдүү ой-пикирлерге кенен жол ачкан. Жумагазы бир топ саясый- экономикалык терминдерди, анын ичинде эффективдүү, интенсивдүү, рентабелдүү сыяктуу түшүнүктөрдүн кыргыз тилине жатык эквивалентин табууга жана кеңири колдонууга киргизүүгө – өзү айткандай – жигердүү аракеттенди жана эч тартынбастан пайдаланды. Көрсө, жогоруда аталган терминдерге мааниси тең сөздөр кыргыз тилинин казынасында бар экенине карабай, орусча эквиваленти пайдаланылып жүргөн экен. Мисалы, 1980-жылдардын экинчи жарымына чейин чарбалык эсеп дегендин ордуна хозрасчёт, ургаалдуунун ордуна интенсивдүү, натыйжалуунун ордуна эффективдүү сөзү колдонулуп жүрдү. Атүгүл ата мекен, ата журт, мекен деген сөздөр турса, «родина» пайдаланылды.
– 1989-1994-жылдары УТРКда комментатор, «Ала-Тоо» маалымат программасынын башкы редактору, телекөрсөтүүлөр боюнча вице-президент болуп эмгектенген экенсиз. УТРКга кандайча барып калдыңыз?
– 1989-жылы белгилүү тележурналист Олжобай Токтосуновдун «Көз караш» ток-шоу программасында Кыргыз драма театрындагы спектаклдер, артисттердин чеберчилиги жөнүндө талкууга катыштым. Ошол көрсөтүүдөн кийин Телерадиокомитеттин башчысы Умтул Шейшеевна Орозова эже чакыртып, телевидениеге комментатор болууну сунуш кылды. Ошентип профессионалдык журналистикадагы сапарым башталды. Аерде иштеп жүрүп, гезиттерге макала көбүрөөк жазчу болдум. Ал кезде жеке менчик массмедиа жок. Республикалык гезиттерде жана УТРКда мыкты журналисттер иштечү. Атаандаштык да күчтүү кез. Ошон үчүн журналисттер ардактуу да, сый-урматтуу да, өрнөктүү да, жооптуу да кызмат эле.
– Азыркы учурда эмне менен алексиз?
– Учурда өзүм туулган кыштагым жөнүндөгү китеп менен алпурушуп турган чагым. Бошой калганда өзүмө жаккан чыгармаларды котором. Китеп окуйм. Кошмо Штаттарда жашайм.
– Узак жылдар бою чет элде жашап жүрүп, Кыргызстанга келип түшкөндө кандай сезим болот сизде?
– Бул кызыктуу суроо. «Манас» аба майданына түшкөндөгү сезим жөнүндө айткандан мурда Кыргызстанга аттанар алдындагы абалымды айтайын. Жолго чыгар алдындагы күндөрү уйку качып, оюм бир жерге токтобой, өзүмчө эле бушайман боло берем… Самолёттон чыкканда кишинин тулку бою киндик каны тамган жерине, Ата Журтуна келгенин туят окшойт, чет өлкөдө жүргөндөгү сыңары ойду бир баштыкка бууп, өзүңү чынар теректей түз кармабай, жайбаракат басып, эми жыгылсам да жөлөп-таячу эл-жеримдемин деп каласың. Бирок, чөйрө Батыш дүйнөсүнөн такыр башка, элдин менталитети, жүрүм-туруму, адеп нормалары да башка экенин чек ара көзөмөлүнөн өтпөй жатып жон териң менен сезесиң, көзүң менен да көрөсүң. Адамдар арасындагы аралык, дистанция жакындайт, сиздин өзүңүзгө таандык мейкиндигиңиз кичирейет. Ал мейкиндикке түртүп-жулунуп эле кирүү аракетин аэропорттун ичинде обол таксисттерден жана кишини тим эле жүгөндөп барып, таксисттерге тапшырчу ортомчу-далдалчылардан көрөсүз. Мындайды биринчи жолу 1970-жылдары Тбилиси аэропортунда, кийин Ташкентте көргөн элем.
– Биз билгенден сиз Прагада көп жыл жашадыңыз окшойт. Чехтердин жашоосу, маданияты тууралуу айта кетсеңиз?
– Ооба, туз буйруп, Прагада чейрек кылым жашадым. Жашоого абдан ыңгайлуу шаар. Праганын бир миң бир жүз жылдык тарыхынын ар кайсы этабын күбөлөгөн чиркөөлөр, ибадатканалар, адеми имараттар, музейлер, театрлар, ресторандар, сыраканалар калаанын ортолугунда кадам сайын жолугат. Өлкө боюнча да ошондой. Ашып барса, 50-60 кожолук жашаган кээ бир кыштактардын өз тарыхый музейлери бар. Андай музейлердин экспонаттарын кыштак элинин күндөлүк тириликте колдонгон эмгек куралдары, идиш-аяктары, буюм-теримдери, балдар-кыздар ойногон оюнчуктары сыяктуу майда-барат нерселер түзөт.
Чехиядагы ачык асман алдындагы этнографиялык музейлерде жай мезгилинде ошол чөлкөм же аймак элинин ыр-бийлери, кийимдерине арналган фестивалдар, майрамдар жыл сайын өткөрүлөт.
Чехтер өз мекенине катар өз крайынын, туулуп өскөн жеринин тарыхын жакшы билишет. Ар бир үй-бүлөдө ошол аймактын тарыхына байланыштуу китептер бар. Чехтер аябай окумал эл. Китеп дүкөндөр атүгүл темир жол бекеттеринде да бар. Мисалы, 20 миң гана калктуу Наход шаарында беш китеп дүкөндү санагам. Чехтер театрды да жакшы көрүшөт. Балдар үчүн спектакл-дер көп. Балдардын театрга кызыгуусунда куурчак театрларынын, китепке кызыгуусунда балдар адабиятынын же мектепке чейинки курактагы балдар үчүн арналган атайын китептердин мааниси чоң экенин Чехияда түшүндүм.
Чет элдик, өзгөчө Батыш өлкөлөрүндө жаңы чыккан өтүмдүү китептер бир ай – эки айда чех тилине которулуп, сатыкка чыгат. Жалаң көркөм котормо менен жан баккан калемгерлер бар.
Чехтерде мекенди сүйүү, мен байкагандан, куру сөз, көкүрөк кагуу эмес. Бул мекендин тарыхын билүү, край таануу, маданият, этнография аркылуу эл-жерин сүйүү.
– Сиз көпчүлүк убактыңызды туризмге жумшап жүрөсүз, эл-жер көргөнгө кызыгасыз. Саякаттоо сиз үчүн кандай ырахат тартуулайт?
– Айталы, музейлер – өлкө тарыхын, эл тарыхын, илимий-техникалык, маданий жана руханий өнүгүүнүн барометри, эң маанилүү көрсөткүчү эмеспи! Мисалы, Мюнхендин техникалык музейи, Вашингтондогу Смитсониан, Мадриддин Прадо, Мехиконун Соумайя, Париждин Лувр музейлери, Москвадагы Третьяков галереясы, Тбилисинин Улуттук сүрөт галереясы жана башка музейлер эмне деген кермет!
Ал эми шаарларды кыдыруунун да ырахаты эле эмес, пайдалуу жактары да бар. Себеби, шаарларды, өлкөлөрдү кыдырып жүрүп, ал жерде жашаган элдин архитектурасы, маданияты, өткөн тарыхы менен таанышасыз. Орой тил менен айтканда, ар бир элдин тарыхында «келкели» же өнүп-өскөн доору, кыйроосу же күнү баткан чагы болот. Билесиз да, биздин замандын 79-жылы Везувий тоосунан аткан жанар Италиянын түштүгүндөгү Помпей шаарын басып калат. Алааматта 16 миң адам жайран болот. Ошондогу шаар калкынын абалын орус художниги Карл Брюлловдун «Помпейдин акыркы күнү» деген чоң эмгегинде укмуштуудай чагылдырган.
XIX кылымдын экинчи жарымында Помпейди казуу башталып, ысык күлдүн астында калган шаар табылат. Помпейди кыдырып жүрүп, таш төшөлгөн жолдорду, таза суу акчу чопо түтүктөрдү, таштанды суулар акчу арыктарды, дубал бетине май боёк менен тартылган сүрөттөрдү, жанардын ысык күлү астында калып өлгөн адамдардын бүрүшкөн сөөктөрүн көргөнбүз бала-чакам менен.
Мексикадагы биздин заманка чейинки Теотиуакан жана орто кылымдарда өнүккөн Чичен – Иса шаарларында болгондо такыр башка таасир аласың. Ал кезде Европа кайда эле? Бүгүн кайда?
Мехико шаарын 15 күн кыдырып, музейлерин көргөндөн кийин атактуу муралист-художниктер Диего Ривера, Давид Сикейрос, Хосе Ороско жана башкалар, ошондой эле Латын Америка аялдарынын символуна айланган Фридо Кало эмне үчүн Мексикада жаралганын, эмне үчүн Мексика бүгүн эң алдыңкы мамлекеттер тобуна кирбегенин, түпкүлүктүү мексикалыктардын табиятын, маданий консерватизмин бир аз түшүнгөнсүдүм. Биз, кыргыздар, жаңыга бачым жетеленген элбиз го…Негизи, аалам кезип, адамзат баалуулуктарын көрүүнүн өзүн бакыт деп билем.
– Эми эркин микрофон сизде?
– «Кыргыз Туусу» кылым карыткан гезит. Анын бетинен сөз бергениңиздер үчүн чоң ыракмат. Гезиттин интернет-басылмасын сайтыңыздардан дайыма окуп турам. Кааларым, ата журтубузда тынчтык, аманчылык болсун! Өлкөбүз соңку жылдары жакшы темп менен өнүгүүдө. Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя, кайда барба, турак -жай курулушу жигердүү жүрүүдө. Жолдор кеңейтилүүдө. Жетекчиликтин аракети күч. Муну эл көрүүдө. Ушул темп менен бара берсек, социалдык-экономикалык өсүү дагы олуттуу болот. Ал эми улуттук дөөлөттөрдү урматтаган жаш муунду мекенчил кылып тарбиялоо ар бир ата-эненин, жарандын милдети деп эсептейм. Арийне, өкмөт бул иштен четте турбашы керек.
Анара АРЗЫБАЙ кызы, “Кыргыз Туусу”