Орустун улуу жазуучусу Иван Бунин “Архив иши” аттуу философиялык аңгемесинде “түн канчалык караңгы болсо жылдыздар ошончолук жарык жаныша тургандыгын” айта келип, “архивсиз жашоо маңызсыз экенин, андыктан аны сактоо керектиги” тууралуу жазганы бар.
Казактын улуу акыны Мукагали МАКАТАЕВ:
Фариза!
Фариза акын, Фариза кыз!
Бирибизден бирибиз айрыларбыз.
Том-том болуп дүкөндө турбасак да,
Биздерди да издеген жан болсо эгер
Подвалдагы архивден табыларбыз… – деп жазгандай мезгил жана убакыт архивдин канчалык баалуу, маанилүү экенин далилдеп койду.
Биз кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2000 жылдыгын аз көрүп, улам арылаган сайын бетке кармай турган кагаз таба албай кыйналып жатабыз. Илгерки тарыхыбызды Кытай мамлекетинин Пекин шаарындагы архивдеринен издесек, мындан бир кылым мурдагы тарыхыбызды Алматы, Ташкент, Омск, Томск, Санкт-Петербург шаарларындагы архивдерден издеп, кыргыздар тууралуу алакандай маалымат алтынга бааланып, көзгө сүртөргө дары болуп турган чак. “Калем менен жазылганды балталап өчүрө албайсың” деп бекеринен айтылбаса керек.
Биздин Мамлекеттик архив кызматынын системасын түзүү 1926-жылдын 30-августунда башталган. Буюрса, кийинки жылы улуттук архив кызматына 100 жыл болот.
Түшүнүктүү да, архивибиз анчалык бай эмес. 1929-жылдын 2-февралында Кыргыз АССРинин Борбордук Аткаруу Комитетинин Президиуму тарабынан атайы жобо бекитилип, республиканын аймагында архив органдарынын тармагын уюштуруу, сактоого коюлган архивдик материалдарды аныктоо, эсепке алуу жана топтоо Борбордук архивге тапшырылат. Борбордук архивдин түзүмүнө Октябрь революциясынын архиви жана Тарыхый архив кирип, округдарда жана кантондордо архивдик бюролор түзүлөт.
Ошентип өлкө аймагындагы облустар, райондор улам жоюлуп, улам уюшулуп, кайра-кайра өзгөргөн сайын улам архивде да өзгөрүүлөр жана кайра уюштуруулар болуп отурган.
Кийинки жолу чоң өзгөрүү союз кулагандан кийин болду. Кыргызстан мамлекеттик көз карандысыздыкка ээ болушу менен Кыргыз өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик архив агенттиги болуп кайра түзүлгөн.
1992-жылдан 2005-жылга чейин облустук, райондук жана шаардык архивдер облустук мамлекеттик админис-трацияларга караштуу архивдер жана документтер башкармалыктарынын карамагында болушкан. Андан бери да бир топ өзгөрүүлөр болду. Министрлер Кабинетинин 15-ноябрындагы 2021-жылдын № 257 токтомунун негизинде Архив кызматы Санариптик өнүктүрүү министрлигинин ведомстволук бөлүмү болуп саналат.
Учурда өлкө аймагында 65 мамлекеттик архив иштейт: 3 борбордук, 8 облустук (2 Ош облусунда), 53 райондук жана шаардык мамлекеттик архив, 1 аймактык архив (Чүй облусундагы Суусамыр).
Борбордук, облустук (Ош мамлекеттик саясий документтер архивинен тышкары) мамлекеттик архивдер, ошондой эле Бишкек жана Ош шаардык мамлекеттик архивдери түздөн-түз Мамлекеттик архив агенттигине баш ийет. Калган шаардык, райондук мамлекеттик архивдер, Ош мамлекеттик саясий документтер архиви, Чүй облустук мамлекеттик архивинин Жайыл филиалы жана Суусамыр аймактык архиви облустук мамлекеттик архивдердин карамагында.
Белгилей кетсек, 1974-жылы Борбордук мамлекеттик архивде көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин, маданият менен көркөм өнөрдүн чыгаан өкүлдөрүнүн, эмгек жана согуштун ардагерлеринин жана белгилүү инсандардын документтерин сактоону камсыздоо үчүн өздүк фонд бөлүмү түзүлгөн. Ошол жылы мамлекеттик сактоо-го 142 атактуу адамдар материалдарын өздүк фондго өткөрүп беришкен. Алардын арасында Кыргыз эл акыны А.Токомбаев, Кыргыз эл жазуучу Ч.Айтматов, СССРдин эл артисти, композитор А.Малдыбаев, СССР эл артисттери Д.Күйүкова, Б.Кыдыкеева, М.Рыскулов, илимпоздор К.Каракеев, К.Карасаев ж.б. бар.
2023-жылдын башына карата 1655 фонддун 569986 сан бирдиги бар (мындан ары с.б.). Анын ичинен 3153 с.б. купуялуу, 32388 с.б. өтө баалуу документтер болсо, туруктуу сактоого алынган 497376 с.б., өздүк курамдын 72610 с.б. бар. 1917-жылга чейинки (тарыхый) 154 фонддун 7240 с.б. документтери, 62 фонддун 23913 с.б. илимий-техникалык, 173 фонддун 17846 с.б. өздүк документтер, 1266 фонддун 448377 с.б. башкаруу документтери сактоодо турат.
Архивде китепкана, окуу залы, маалыматтык фонду болсо, илимий-маалымдама китепканасында 3797 китеп жана брошюралар, 9949 нускадагы гезиттер, 1173 нускадагы журналдар, ал эми маалыматтык фондунда 2 109 усулдук иштелмелер жана журналдар бар.
Өлкөнүн мамлекеттик кинофотофонодокументтер архиви да уюшулганына аз болгонуна карабастан бай мураска ээ болуп калды. Анын архивинде 17 миңден ашык кинодокументтер: ак-кара жана түстүү документалдуу фильмдер, ”Советтик Кыргызстан” киножурналдары, атайын чыгарылыштар, көркөм тасмалар сакталуу. Архивде сакталган эң алгачкы тасма 1927-1928-жылдары тартылган.
Архив кызматынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин карамагына өтүшү менен улуттук архив ишмердигинин жаңы барагы ачылды десек болот. Анүстүнө акыркы 3-4 жылда өлкө жетекчилиги тарабынан архив кызматына аябай көңүл бөлүп жатат. Казак акыны Мукагали Макатаев жазгандай мурда архив кызматы дегенде сыз жыттанган подвалдарды элестетсек, азыр республиканын бардык аймактарында архив кызматы үчүн заманбап имараттар курулуп, архивдер жаңы имараттарга көчүп жатат.
Бишкек шаарынын Месарош көчөсүнө шаардык мамлекеттик архивдин жаңы имараты курулду. Архивдин мурдагы имараты 1953-жылы курулуп, анда башында кургак учук ооруканасы жайгашкан экен. Кийин оорукана башка жакка көчүп, анын имараты архивге берилиптир. Ушундан эле бизде баарыбыз мактаган союз мезгилинде жана соңку отуз үч жылда архив ишине кандай мамиле жасалып келгенин көрсө болот. Жылдар өткөн сайын архивдик кагаздар, документтер улам көбөйө берет эмеспи, кыскасы, кургак учук ооруканасынан мураска калган имараттын тардыгынан документтерди мамлекеттик сактоого кабыл алууга мүмкүн болбой калса, бир эсе имарат капиталдык ремонттон өтпөгөндүктөн эскилиги жетип, дубалдары көчүп, жараксыз абалга келген.
Өлкө өнүгүү жолуна түшүп, архив ишине да олуттуу көңүл бурула баштаганын ушундан билсе болот, 2023-жылы шаардык мамлекеттик архивдин жаңы имаратын курууга 117,385758 миң сом каралып, “Азат” курулуш компаниясы тарабынан курулуп бүткөнүн адилеттик үчүн белгилеп коюш керек.
Бишкек шаардык мамлекеттик архивдин жетекчиси Марат Мамадияров: “Мамлекет жетекчилигинин түздөн түз колдоосу жана демилгеси менен өлкө боюнча, анын ичинде Бишкек шаарына мамлекеттик архивдин жаңы имараттары курулуп ишке берилип жатат. Биз архив кызматкерлери бул үчүн ыраазычылык билдиребиз. Мунун өзү биздин алдыбызга чоң милдеттерди коёт. Учурда биздин алдыбызда турган чоң милдет бул архивдик документтерди санариптештирүү”, – дейт ал. Анын айтымында шаардык мамлекеттик архивде 3340 фонд, 180646 сактоо бирдиги бар. Архивге келген адамдардан күн куру эмес, жылына 5 миңден ашуун шаардык жарандар ар кандай суроо-талаптар менен шаардык мамлекеттик архивге кайрылып турушат.
Минтип архив кызматына мамлекеттик деңгээлде көңүл бурула баштаганы дурус көрүнүш. Эмки жылы 100 жылдыгын белгилөө алдында турган өз архивибиз миң жылдык жолду басып өтүп, бай тарыхка ээ болуп, башка элдер да биздин архивден өз тарыхын издей турган учур да келер.
Болотбек Таштаналиев, “Кыргыз Туусу”