whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
13.06.2025
16.8 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларАйыл чарбаКулпунай бышты. Дыйкандын эмгеги акталабы?

Кулпунай бышты. Дыйкандын эмгеги акталабы?

Дүйнөдө кулпунайды эң көп экспорт кылган өлкө Испания. Бул өлкө жылына 350 миң тонна кулпунай экспортко чыгарат. Испаниянын негизги кардарлары – Германия менен Франция. Бул эки өлкө жылына 90-100 миң тонна кулпунай керектешет.

Кулпунай таттуу болгону менен анын курамында кант дээрлик жок. Цинк, фолий кислотасы, марганец, фосфор, кальций, пектин өңдүү витаминдерге жана минералдарга бай. Анын витаминдерин толук кандуу сактап калуу үчүн сүт азыктары менен аралаштырып колдонуу (йогурт, айран) сунушталат. Анткен менен кулпунайды эрте бышыруу үчүн ар кандай химиялык заттар көп берилген болсо, анын организмге терс таасири тийип калышы мүмкүн. Андыктан кышында сатылган кулпунайларды пайдаланууда сак болгон жакшы.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда өндүрүлгөн кулпунайлар ички рыноктон сырткары Казакстан, Россияга экспорттолот. Учурда дыйкандар кулпунайдын чет өлкөдөн келген жана жергиликтүү сортун тигишет. Чет өлкөдөн келген сорттору чоң болгону менен жергиликтүү кулпунайлар майда бирок, даамдуу болот.

Учурда кулпунайдын базар баасы 200 сомдун тегерегинде болуп жатат. Биз Бишкектин айланасындагы дыйкандар менен жеринде барып жолугуп, быйылкы түшүм кандай болгону, баасы дыйкандардын мээнетин актап жатабы, кызыгып көрдүк.

“Сандан сапатка өтсөк мээнетибиз акталат”

Азамат Тынаров көп жылдан бери дыйканчылык менен алектенет. Ал элдин баары кулпунай өстүрүүгө өткөндүктөн  баа кескин төмөндөп кеткенин айтууда.

“Кулпунай менен иштөө жакшы эле иш. Бирок, өлкө боюнча кулпунай өстүргөндөр көп. Учурда өтө көп өлчөмдө базарга чыгып жатат. Биз аны сата алабызбы же жокпу деп анализ кылган жокпуз, көчөттү сырттан кымбат баада сатып алдык. Кленка, тамчылатып сугаруучу пластик түтүктөр ошол учурда абдан кымбат болчу. Мисалы, мен көчөттүн ар бир даанасын 25 сомдон сатып алгам, менин кетирген чыгымым акталган жок. Бирок, бул мага чоң сабак болду, мындан кийин башка иш кылсам терең анализдеп анан колго алам. Бирок, былтыркы жылы банкрот болгонум менен кулпунай өстүрүү мага жагат. Талаада кулпунай менен иштөөдөн кадимкидей ырахат алам.

Кулпунай үзгөндөн кийин узакка сакталбайт. Андыктан терилген түшүмдү ошол күнү сатпаса, эртеси сапаты бузулат. Мүмкүнчүлүгү бар ишкерлер кулпунайды тоңдуруп сактоону колго алышса жакшы болмок.

Ошону менен өлкөнүн бүткүл аймагында кулпунай менен иштеп калышты. Мен эми дыйкандарга айтарым сапатка көңүл буралы. Ансыз деле баа төмөн болуп кетти. Сандан сапатка өтсөк гана аз да болсо мээнетибиз акталат. Ал эми майда кулпунайлардын көркү да, өтүмү да начар болуп, ошолор бааны төмөндөтүп жатат” – деди А. Тынаров.

Азамат Тынаров айдоо аянтын атайын материал менен жаап чыкканын, бул жумушчулар үчүн шарт түзүүнүн бир жолу экенин кошумчалады.

“Кулпунайдын үстүн материал менен жаап чыккам. Бул бир чети жумушчуларга шарт түзүү болсо, экинчи жагынан, кулпунайды ысыктан, жаандан сактоо. Катуу күн ысыса же жамгыр көп жааса кулпунай ооруп калат. Ошондуктан кулпунайга аба ырайынын кескин ысышы да, жаандын көп болуусу да терс таасирин тийгизет”, – дейт.

Касымаалынын кулпунай талаасы

Бишкектин Туңгуч кичи районуна жакын жайгашкан айдоо аянты кулпунай менен малинага толо. Жол жээгине кулпунай сатып ала турган жай ачып коюшкан. Дыйкандардын кулпунайын сатып алып жаткандардын айтымында, кечке чейин чогултулган кулпунай ошол эле күнү Россияга жөнөтүлөт. Мындагылар күнүнө 20 тоннага чейин кулпунай сатышат. Биз Касымаалы уулу Бейшенаалынын кулпунай талаасына бардык. Ал түшүм быйыл жылдагыдан бир жума эрте башталганын, буга күндүн катуу ысып кетиши себеп болгонун айтып берди.

“Быйыл күн катуу ысыгандыгына байланыштуу кулпунайлар эрте бышып, жылдагыдан көлөмү майда болуп калды. Мен жергиликтүү кулпунай өстүрөм, чоң сорттогу кулпунай деле быйыл анчалык чоң болгон жок. Былтыр баа кескин төмөндөп кетип, дыйкандардын мээнети акталбай калды. Быйыл баа бир аз жогору болот деп ишенип турабыз.

Кулпунайды тергенде атайын киши жалдайбыз же айылдан туугандарды алып келебиз. Мисалы, мен жыл сайын ата-энемди, жээндеримди жардамга чакырам. Май айынын ортосунан баштап, күзгө чейин талаада болобуз.

Былтыр чоң сорттогу кулпунайлар экспортко кеткени менен шаардыктар жегени, кыям кылганы жергиликтүү кулпунайды сатып алышты. Өткөн жылы баа арзан болгондуктан, быйыл көбү огородун карабай койду”, – деди ал.

Биз Касымаалы менен кулпунайды дүң сатып алган жерге бардык. Мында 1 кг жергиликтүү кулпунайдын баасы 100 сомдон 200 сомго чейин болуп жатыптыр. Бул кулпунайдын көлөмүнө жараша коюла турган баа экен. Каарманыбыздын кулпунайынын көлөмү майда болгону үчүн 120 сомдон өткөрүп берди.

Өлкө боюнча алганда Ноокен районунун Ношкен айылында быйыл кулпунай эң биринчи болуп бышты. Апрель айынын башында алгачкы түшүмү терилип, базарда 600 сомдон сатылды. Ношкен айылынын тургуну Октон Касимов 50 сотых жерден бир миллион сомго чейин пайда тапса болоорун, орточо 400 миң сом киреше тапканын жергиликтүү ЖМКларга айтып берген.

“Мурда пахта менен иштейт элек. Түйшүктүү иштин аягында 150 миңдин тегерегинде пайда көрчүбүз. Кулпунайдан болсо 300-400 миң пайда бар”, –  деген ал.

Жыйынтыктап айтканда, биз кулпунайды күнүмдүк экспортко чыгаруу менен чектелбестен, тоңдуруу же кургатуу жолдорун дагы жөнгө салышбыз керек. Мисалы, Россияда күзгө жакын тоңдурулган кулпунайдын 500 граммы 350-400 рублдан сатылат. Ишкерлерибиз атайын муздаткычтарды жасап тоңдурса же кургатып кайра иштетсе, дыйкандарыбыздын кирешелери мындан дагы артат эле.

Султанбек АМАНБЕК уулу, “Кыргыз Туусу”

 

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар