whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.05.2025
17.4 C
Бишкек

Алмашинин мурасы

Улуттук тарых музейинде венгр окумуштуусу, этнограф, зоогеограф Дёрдь Алмашинин 1906-жылдагы Кыргызстанга жасаган саякатына арналган көргөзмө өттү. Ал 1867-жылы Австро-Венгрия мамлекетинде азыркы Словенияга караштуу Град шаарында туулган.

Венгр окумуштуусу Д.Алмаши жетектеген экспедиция 1900-жылдын июль-ноябрь айларында Орто Азия аймагынын бир топ жерлеринде, анын ичинде Ысык-Көлдүн чыгыш жээги, Тескей Ала-Тоонун түндүк жана түштүк капталы, Жети-Өгүздүн сыртына, Сары-Жаз суусунун алабына чейин саякат жасап, табиятын, ошондой эле ал жердеги жергиликтүү элдердин каада-салтын, турмушун изилдеп, кыргыздар жөнүндө баалуу этнографиялык маалымат чогулткан. Анын этнографиялык баамдоолору бүгүнкү күндө да оригиналдуулугу менен окумуштуулардын көңүлүн буруп
келет.

Алмашинин 1903-жылы жарык көргөн «Азия жүрөгүнө саякатым» («Vandorutam Azsia szivebe») аттуу эмгегинде Жети-Суу, Ала-Тоо, Теңир-Тоо өңдүрүнүн табияты, жаныбарлар дүйнөсү, Түркстандын коомдук-саясий абалы, андагы элдердин, анын ичинде кыргыз жана казактардын өз ара карым-катнашы, тили, дини, каада-салты, чарбасы тууралуу баяндалат.

Д. Алмаши Казакстанга жана Кыргызстанга 1900-1906-жылдары илимий кызыкчылыктардан улам келип кеткен. 1900-жылы 9 ай, ал эми 1906-жылы тек Кыргызстанда 6 ай жүргөн. Кыргыз окумуштуулары доктор Алмаши саякатчы катары Азия жана Борбордук Азияга жасаган 1900-жылдагы саякатынын учурунда, айрыкча 1906-жылы кыргыз жергесине келип, алты-жети ай бою узун-туу-расынан кыдырганын айтышат. Албетте, Алмаши өлкөбүздүн бардык эле жерине жеткен эмес. Бирок, анын буту жетип, көзү менен көргөндөрүн фотого түшүрүп, кулагы менен уккандарын жазып алган, бүгүн анын баары биз үчүн табылгыс тарыхый таберикке айлан-
ган.

Мына ушул кийинки келишинде Алмаши Нарын, Көл кыргыздарынын арасынан, Нарынколдо бугу уруусунан чыккан манасчыдан «Манас» эпосунан үзүндүнү, «Манас баатырдын уулу Семетей менен коштошконун», 72 сап ыр көлөмүндөгү текстти жазып алган. Кыргыз окумуштууларынын маалыматтары боюнча саякатчыга Тургун Бердике аттуу жаш жигит “Манасты” жазып алууга жана которууга жардам берген.

Ыраазычылык иретинде Тургун Бердике уулун Будапештке ала кетип, ал Алмашинин үйүндө бир жыл жашап, анын эки уулуна кыргыз тилин үйрөткөн.

Алмаши 72 сап «Манас» эпосунан үзүндүнү Тургун Бердикенин жардамы менен венгер тилине которуп, кыргызча текстти жана  өз котормосун илимий комментариялар менен жабдып 1911-жылы “Чыгыш кабарлары” (“Восточные обозрения”) журналына жарыялаган.

Анын бул кол жазмасынын немец тилиндеги котормосу 1911–1912-жылдары Будапештте чыккан “Keleti Szemle” журналынын XII томунда да басылган. Д.Алмаши кол жазмасына “Манастын он эки миң кол менен Бээжинге казат кылганы” деген тема койгон. Латын тамгалары менен кагазга түшүрүлгөн. Анда баатыр Чубак, эр Манас ар бири кырк кишиден кошчу алып, кырк эки күлүк коштотуп, алты айчылык алыс жолдогу Бээжинге аттанмак болушканы, аргын, ногой менен коштошкону, “Аман-соо келгин!”, – деп эл чуулап, кызыл үртүк жаптырган Аккуласына минип, жөнөй берерде Каныкей туулганына 60 күн болгон Семетейди көтөрүп, баатыры менен коштошууга басып келгени, Манас ошого чейин баласына назар салбаганы, баланы көрүп “бери алып келчи!”, – деп, уулу ошондо эсине түшкөнү, колуна алып, бетинен сүйсө, уулу атасын көрүп, арсалаңдап күлгөнү, “Алты жашка жетпедиң, аргын менен ногойго аким салып кетпедим!”, – деп, Манас арман кылганы, баласы менен коштошуп аттанган баатыр колу менен эки ай жол жүрүп, Иртыш дайра чоң сууга – кытайлардын четине жеткени айтылат.

Алмашинин айтымында, ал жазып алган эпостун үзүндүсүнүн тили бугу уруусунун кара кыргыздарына таандык, бирок үзүндүнү кимден жазып алганын көрсөткөн эмес.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ,
“Кыргыз Туусу”

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар