Башкы беткеСаясат жана коомКоомКыргызстан 10 млн. туристти тосууга толугу менен даяр

Кыргызстан 10 млн. туристти тосууга толугу менен даяр

Кыргызстан 10 млн. туристти тосууга толугу менен даяр экендигин туризм тармагы боюнча көз карандысыз эксперт Азамат Жаманкулов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, акыркы жылдары өлкөдө туризмди өнүктүрүү үчүн бир катар иштер аткарылды. Инфраструктура жакшыртылып, тейлөө сапаты жогорулады, жаңы эс алуу жайлары ачылды. Ошондой эле туристтердин коопсуздугун камсыз кылуу жана маданий мурастарды сактоо боюнча иш-аракеттер көрүлүүдө.

“Бир нече тил билген укук коргоо кызматкерлерин дагы даярдадык. Кыргызстан коопсуз өлкөгө айланды жана туристтерди коопсуз тосуп алууга даяр. Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Табигый кооздуктар, бай тарых, меймандос эл. Булардын баары өлкөгө келген туристтер үчүн жагымдуу шарт түзүүсүнө өбөлгө болот. Туризмди өнүктүрүү өлкөнүн экономикасына оң таасир этет, жаңы жумуш орундарын түзөт жана жергиликтүү калктын жашоо деңгээлин жогорулатат”,-деди ал.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар