Башкы беткеРубрикаларДен соолукШоколаддын ден соолукка тийгизген терс таасири аныкталды

Шоколаддын ден соолукка тийгизген терс таасири аныкталды

Майами университетинин америкалык биологдору шоколаддын курамында көп кездешүүчү оор металл болгон кадмийдин адамдвн ден соолугуна тийгизген коркунучтуу кесепеттерин аныкташты. Илимий изилдөө Consumer Reports илимий журналында жарыяланган.

Окумуштуулар АКШдагы шоколаддын популярдуу бренддеринде кадмий менен коргошундун жогору экенин аныкташкан. Алардын айтымында, бул уулуу зат керектөөчүнүн ден соолугуна гана зыян келтирбестен, алардын келечектеги балдарына, жада калса неберелерине да терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

«Металл жүрөк ооруларын жана башка олуттуу ооруларды пайда кылат. Элементтин уулуу таасири муундан-муунга өтүшү мүмкүн», — деп жазылат маалыматта.

Аны менен катар, окумуштуулар керектөөчүлөрдү күрүч, нан, деңиз азыктарында да коркунучтуу металл бар экендигин эскертип, аларды тандоодо этият болууга үндөшкөн. Мындан тышкары, тамекини таштоо дагы сунушталган (тамеки топурактан кадмийди топтойт).

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар