18-апрелде “Акылман” президенттик лицейине кабыл алуунун 1-туру башталды. Бул тууралуу аталган лицейдин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Азирет Асанов билдирди.
Анын айтымында, окуучуларды лицейге кабыл алуу үч турдан турат. 1-2-тур – бул test.akylman.edu.kg сайты аркылуу онлайн тестирлөө, ал эми 3-тур – ар бир облуста жеринен өткөрүлө турчу оффлайн тестирлөө.
“1-тур 18-19-апрель күндөрү онлайн форматта, 2-тур 23-24-апрель күндөрү онлайн форматта, ал эми 3-тур 1-майдан 8-майга ар бир облуста жеринен өткөрүлөт. Жыйынтыгында 3 этаптын баарынан тең ийгиликтүү өткөн эң алдыңкы 72 окуучу лицейге 7-класска кабыл алынат”, -деди ал.
Конкурстук тандоого катышуу үчүн талаптар:
— Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында азыркы учурда 6-класста окуусу;
-Кыргыз Республикасынын жараны болуусу;
— “Жакшы”, “эң жакшы” деген баага окуусу.
“Талапкер бардык 3 талапка туура келген гана учурда, конкурстук тандоого катышып, өз күчүн сынай алат. Конкурстук тандоо кийинки предметтерден турат: 1-2-тур – математика, логика, кыргыз тили, орус тили жана тарых. 3-тур –математика, логика, кыргыз тили жана англис тили. Лицейге кабыл алуу конкурстук тандоонун гана негизинде жүрөт жана окуучунун үй-бүлөлүк социалдык абалы каралбайт. Демек, социалдык статусуна карабастан, конкурстук тандоого катышуу үчүн бардык окуучуларга бирдей мүмкүнчүлүк берилет.“Акылман” президенттик лицейине өткөн окуучулар 100% мамлекет тарабынан камсыздалат, андыктан окутуу акысыз. Ал эми лицейде окутуу кыргыз жана англис тилдеринде жүргүзүлөт. Мындан улам, орус тилдүү класстар жок”,-деп белгиледи Асанов.