whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
10.11.2025
3.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүСадыр Жапаров өрт кырсыктарынын алдын алуу боюнча чара көрүүнү тапшырды

Садыр Жапаров өрт кырсыктарынын алдын алуу боюнча чара көрүүнү тапшырды

Президент Садыр Жапаров Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана тиешелүү министрликтерге өзгөчө кырдаалдардын жана өрт кырсыктарынын алдын алуу боюнча толук чараларды көрүүнү тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасында маалымдады.

Маалыматка караганда, президент алгач Ош шаарында жана Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында болгон кайгылуу окуялардан улам каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтты.

“Ош шаарындагы өрттөн эне жана анын беш баласы каза болгону, ошондой эле Новопокровка айылындагы заводдо цемент ташуучу цистерна жарылып, эки жумушчунун өмүрү кыйылганы тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.
Кыргызстан элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун жакындарына жана туугандарына көңүл айтам,” — деп айтылат мамлекет башчысынын көңүл айтуусунда.

Аскат Алагөзов белгилегендей, Садыр Жапаров тиешелүү органдарга кыш мезгилинде өрт жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү, калктын жана ишканалардын коопсуздугун камсыз кылуу тапшырмасын берди.

“Суук түшкөн маалда жеке турак жайларда жана өндүрүштүк объектилерде жылытуучу шаймандарды колдонууда өрт чыгуу коркунучу жогорулайт. Ошондуктан калк арасында сактык чаралары боюнча алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарыл,” — деп белгиленет билдирүүдө.

Гезит

Диана Талгарбек кызы: “Бүгүнкү кыргыз жаштары аракетчил, жаңы идеяларга бай, тил үйрөнүүгө шыктуу жана күчтүү”

Өткөн жумада Президент Садыр Жапаров өлкө ЖОЖдорунун 92 мыкты студентине президенттик стипендия тапшырды. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде, инженердик техникалык факультетинин агроинженериядагы экономика...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар