whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
17.06.2025
35.5 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларАйыл чарбаСуу сыйлаган зор болор

Суу сыйлаган зор болор

Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү мамлекеттик мекемесинин директору Азамат Шадманов биздин гезитке берген маегинде Кыргызстанда 960 айыл таза суу менен камсыздалбаганын айткан. Демек, бардык айылдарды таза суу менен камсыздоо озуйпасы алдыда турат. Анткени, таза суу – бул ден соолук. Мамлекет үчүн калктын саламаттыгы биринчи кезекте тураарын, бардыгы эл үчүн жасалып жатканын эске алсак, таза суу маселеси орчундуу орунда турат.

Бүгүнкү күндө айыл аймактарынын, айыл өкмөттөрүнүн башкы милдети – дал ушул ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу. Алардын иштеринин жыйынтыгы да бул маселени канчалык деңгээлде чече алгандыгы менен баалана тургандыгын  көңүлдөн чыгарбашыбыз керек. Ошол эле учурда өлкөнүн көпчүлүк аймагындагылар “аккан сууда арам жок” деп, айыл апаны аралай аккан тоо сууларынан пайдалануу-га аргасыз. Бул суулардын булагы башкы байлыгыбыз болгон мөңгүлөр. Аймактарда болобу, шаарларда болобу (анын ичинде борборубуз Бишкекте) мөңгү сууларын кандай пайдаланып жатабыз кеп ушунда. Анткени, глобалдык жылуулуктун Ала-Тоого, ак мөңгүлөрүбүзгө тийгизген таасирин тана албайбыз. Башкысы аймактарда сугат сууларын үнөмдүү пайдалануу, шаарларда саркынды сууларды кайра иштетип, аны да өз багытында пайдалануу аркылуу сууну үнөмдөө, өндүрүштө керектелген суулардын наркы сыяктуу чечүүнү талап кылган көйгөйлөр бар.

Өлкөбүздөгү алгачкы 31 жасалма мөңгү

Баарыбызга белгилүү болгондой, Кыргызстандын көпчүлүк жерлеринде, айталы Нарын облусунда талаачылык иштери мөңгү сууларына байланышкан. Тагыраак айтканда, мөңгү эрип айыл аймактарынын арыктарына келгенче талаачылык иштери башталбайт. Бул сөзсүз дыйканчылыкка өз таасирин тийгизет. Кийинки мезгилдерде дүйнөлүк практикада жасалма мөңгүлөрдү пайдалануу кеңири жайылып баратат. Бул кышы бою пайда батасыз агып жаткан, мөңгүлөрдөн сызылып чыккан сууларды тоңдуруп коюу болуп саналат. Жаз келгенде алды менен ушул жасалма мөңгүлөр эрип, калктын сугат суусуна болгон муктаждыгын толук чече аларын турмуш көргөзүүдө. Мындай практика мөңгүлөрдү суусун сарамжал пайдаланууга да шарт түзөт. Соңку жылдары Кыргызстанда да бул практика кеңири кулач жайууда.

Гляциолог Абдималик Эгембердиевдин айтымында, бүгүнкү күндө Талас облусунан башка 6 облуста жалпысынан 31 жасалма мөңгү тоңдурулду.

“Бул мөңгүлөр жайыттардагы малдарды сугарууда, сугат суу катары колдонууда жакшы пайдасын берип жатат. Кочкор райо-нунун Шамшы айылында, Түп районунун Сары-Булак айылындагылар жайында таза суу катары пайдаланып жатышат. Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылынын тургундары жасалма мөңгүнүн суусун өздөрү да ичип, мал жандыктарын дагы сугарып жатышат. Алар жасалма мөңгүдөн суу иче баштагандан бери малдары мурдагыдай көп оорубай калганын айтышты. Нымдуулук көбөйгөндөн кийин жан жаныбарлар, куштар ошол жерде көбөйүп, микро эко-система оңолду ал жерде малчылар дагы чоң жайытка шашпай чыгып калышты”, – деди ал.

Жасалма мөңгү технологиясы тууралуу интернетте маалыматтар толтура. Кептин баары, айыл өкмөттөрүнүн жаңычылдыгында жана креативдүү иш алып барууларына байланыштуу. Керек болсо глобалдык жылуулуктун кесепетинен мөңгүлөрдү сактап калуунун, аны сарамжалдуу пайдалануунун, таза суу, сугат суулары менен камсыз болуунун бирден бир жолу десек да болот.

Кошумчалай кетсек, аймактарда пайдаланылган мөңгү сууларын дайыма эле таза тута бербейбиз, өлгөн жандыктарды, таштандыларды таштайбыз. Андан улам, сууда ар кандай жугуштуу оорулар пайда болот. Андан сырткары күйүүчү май ташыган унаалар жолдо кырсыкка учурап, андагы бүт май сууга агып кеткен учурлар дагы кездешет.

Сугат суунун куну канча?

Суу ресурстары кызматынын маалыматына ылайык, Кыргызстанда дыйкандар сугат суу үчүн гектарына 500 сомдон төлөшөт.

“Жеке жактар гектарына 500 сомдон, ал эми юридикалык, муниципалдык жана башка ишканалар 250 сомдон төлөшөт. Сугаруунун нормасы бар, дыйкандар өстүргөн өсүмдүктүн түрүнө жараша керектүү норманы алып бүткөн соң гана акчаны төлөшөт. Кааласа акчаны бир төлөп коюп, сууну керек учурунда пайдаланса болот же айдаган өсүмдүгү нормадагы сууну алып бүткөндөн кийин берсе болот”, – деп айтылат мекеменин маалыматында.

Ичтеги жана сырттагы суу пайдалануучуларга тарифке дифференциалдуу мамиле керек деп эсептейбиз.

Техникалык сууларды колдонолу

Суунун сарамжалдуу пайдалануу тууралуу сөз болгондо, борбор шаарыбызды аттап өтүш кыйын. Айталы, Бишкекте жүздөгөн унаа жуучу жайлар бар, алар таза сууну колдонуша турганы маалым. Мэрия унаа жуучу жайларды техникалык сууну колдонууга милдеттендириши кажет. Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү мамлекеттик мекемесинин директору Азамат Шадманов канализациядан чыккан суулар бир нече жолу чыпкалоодон өтүп, техникалык суу катары талаа иштерине колдонууга жарай турганын айткан. Демек, ушул эле техникалык суу менен унаа жуучу жайларды камсыздаса болот экен да.

Таза суу тартыштыгы тамаша эмес

Таза суу менен камсыз болуу – социалдык  чоң маселе экенин айттык. Калк жыш жайгашкан шарттарда кокус таза суу менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураса социалдык чыңалууну да жаратышы мүмкүн. Айталы, 2023-жылы Бишкектин Арча-Бешик жаңы конушунда ичүүчү суу берүү токтоп калды. Жергиликтүү тургундар жайдын аптаптуу күнүндө суусуз калганын айтып даттанышты. Бийлик муну таза суунун тартыштыгы менен түшүндүрдү. Атайын унаалар менен элге ичүүчү суу жеткирилип турду. Сууга байланыштуу митингдерден улам, бир нече жаран милиция тарабынан жоопкерчиликке тартылганын дагы билебиз. Бул окуя кайрадан кайталанбашы үчүн ичүүчү сууну азыртадан сарамжалдуу пайдалануу зарыл. Андан сырткары ичүүчү суу менен көчөттөрдү сугарууга толугу менен тыюу салынган. Эрежени бузгандарга мыйзам чегинде 1000 сом өлчөмүндө айып пул салынат. Бул мэрия тарабынан ичүүчү сууну үнөмдөө максатында ишке ашырылган чаралардын бири.

Табиятка аяр мамиле кылбасак…

Негизгиси биз, бак дарактарды кыйган менен ордуна жаңы көчөттөрдү
отургузууну билбейбиз. Чынында бак-дарактардын тамырлары жер титирөөдөн, селден бизди сактап каларын унутпасак.

ӨКМден билдиришкендей, өлкө аймагында 2024-жылы 339 сел жүргөн. Табигый кырсыктардын чыгымы 1 млрд, 225 млн. сомдон ашкан. Андан сырткары 2024-жылы табигый кырсыктан 22 киши каза болгон.

Өлкө боюнча суу кырсыгынан төмөн­күлөр жабыркаган:

  1. 5 миң 766 үй
    2. 84 социалдык объект
    3. 590 гектар айдоо жер
    4. 411 унаа жана ички жолдор
    5. 24 км сел каналдары
    6. 80 көпүрө
    7. 135 унаа

Кен казуучу компаниялар, ири заводдор сууну көп булгашат

Пайдалуу кен байлыктарды казып алуу — заманбап цивилизациянын өнүгүшүндө маанилүү ролду ойнойт. Казылып алынган чийки заттар биздин күнүмдүк жашообуздагы дээрлик бардык продукциялардын курамында кездешет. Ошондуктан бул материалдардын жеткиликтүүлүгү технологиялык инновациялардын жана көптөгөн тармактардын келечектеги өнүгүшүнө түздөн-түз таасир этет. Мындан тышкары, тоо-кен өнөр жайы шахталар жайгашкан аймактарда жумуш орундарын түзүү менен экономикабызды колдойт. Бирок мындай артыкчылыктар тобокелдиктерсиз болбойт. Кылымдар бою пайдалуу кен байлыктарын казып алуу кооптуу кесип катары эсептелип келген. Кырсыктарга алып келген себептер көп, эң кеңири таралгандары төмөнкүлөр:

  • жер көчкү жана шахтанын урашынан келип чыккан кырсыктар;
    • уулуу газдардын чыгуусу жана абанын булганышы;
    • жардыруучу заттарды колдонууда болгон жаңылыштыктар;
    • жабдуулардын бузулушу же туура эмес колдонулушу;
    • коопсуздук эрежелерин сактабагандык.

Бул факторлор тоо-кен өнөр жайында иштеген адамдардын коопсуздугун ар
дайым көзөмөлдөөнү талап кылат.

Кыргызстанда ар кандай кен байлыктарын иштеткен ондогон компаниялар бар. Алар өлкөдөгү эң көп суу пайдалануучулар болуп эсептелет. Ошол эле учурда мындай ири компаниялар сууну эң көп булгашат. Ага өндүрүштөн чыккан таштандылар себеп болот. Андан чыккан булганган суу экологияга түз терс таасирин тийгизет.

Сууну булгагандарга атайын жоопкерчилик каралган

Кыргыз Республикасынын “Суу жөнүндө” мыйзамынын 62-беренеси кандай учурларда суу мыйзамдарын бузуу болуп санала тургандыгын так көрсөтөт.

Атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар төмөндөгүдөй учурларда мыйзамдарга ылайык юридикалык жактарды жана жеке адамдарды дисциплинардык, административдик, граждандык кылмыш жоопкерчилигине тартат:

– сууларды пайдаланууну контролдоо-чу жана эсепке алуучу ишке ашыруунун нормативдик-техникалык, санитардык-гигиеналык жана метрологиялык тартибинин талаптарын бузганда;

– суу ресурстарынын абалы жана пайдаланылышы жөнүндө өз учурунда жана так маалыматтарды берүүдөн баш тартканда же бурмаланган маалыматтарды
бергенде;

– тазалоочу курулуштар канааттандырарлыксыз иштегенде, суу объектилерине булгай турган заттар нормадагыдан ашык агып түшкөндө;

– суу тазалай турган курулуштары жок ишканаларды, курулуштарды жана жасалгаларды пайдаланууга бергенде;

– суу объектилеринин жана суу чарба курулуштарынын булганышын, кыртыштын суу эрозиясын жана башка зыяндуу көрүнүштөрдү пайда кылуучу суу чарба режими бузулганда;

– экологиялык кыйроолордун кесепеттерин жана суулардын зыяндуу таасиринин башка кесепеттерин жоюу боюнча өз учурунда жана жетиштүү чаралар көрүлбөгөндө;

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен суу мыйзамдарынын башка түрлөрүнүн бузулгандыгы үчүн да жоопкерчилик белгилениши мүмкүн.


Султанбек АМАНБЕК уулу,
“Кыргыз Туусу”

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар