whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
14.05.2025
19.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүӨкмөт башчы иш сапары менен Вашингтонго келди

Өкмөт башчы иш сапары менен Вашингтонго келди

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Эл аралык валюта фондунун жана Дүйнөлүк банк тобунун жазгы жолугушууларына катышуу үчүн иш сапары менен Вашингтонго келди.

Маалыматка ылайык, сапардын программасына Дүйнөлүк банктын жетекчилиги менен, атап айтканда, операциялар боюнча башкаруучу директору Анна Бьерде жана Европа жана Борбордук Азия боюнча вице-президент Антонелла Бассани менен жолугушуулар кирет.

Талкууда Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы учурдагы долбоорлору, артыкчылыктуу багыттар боюнча кызматташууну кеңейтүүнүн перспективалары, ошондой эле Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу боюнча стратегиялык маанилүү долбоорду илгерилетүү маселелери каралат.

Мындан тышкары, Адылбек Касымалиевдин кыргыз-америкалык ишкерлер кеңешинин мүчөлөрү – АКШнын бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен тегерек столго катышуусу мерчемделген.

Ошондой эле Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) жана Билим берүү боюнча глобалдык өнөктөштүктүн өкүлдөрү менен билим берүү тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү жана ИӨБ менен келечектүү инфраструктуралык долбоорлорду каржылоого катышуусун талкуулоо үчүн жолугушууларды камтыйт.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар