Башкы беткеСаясат жана коомКоомМирбек Мамбеталиев БУУнун туруктуу координатору менен жолукту

Мирбек Мамбеталиев БУУнун туруктуу координатору менен жолукту

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве менен жолугушту. Тараптар туруктуу өнүгүүнү ишке ашыруу боюнча кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Министрликтен билдиргендей, жолугушууда жаштарды колдоо, маданиятты өнүктүрүү жана маалыматка жеткиликтүүлүктү кеңейтүү багыттарына өзгөчө көңүл бурулду. Жаштар саясаты боюнча күч-аракеттерди координациялоонун маанилүүлүгү белгиленди жана жаш муунду туруктуу өнүгүү аракеттерине тартуу зарылдыгы айтылды.

Министр Мамбеталиев БУУнун жаштардын дымагын өнүктүрүү, креативдүү индустрияларды колдоо жана маданий мурасты сактоо жаатындагы салымын белгилеп, аларды ишенимдүү өнөктөш катары баалады.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар