АКШ президенти Дональд Трамп Иранга каршы жүрүп жаткан аскердик операцияны Ормуз кысыгы ачылбаса да жыйынтыктоого даяр экенин билдирди. Бул тууралуу The Wall Street Journal президент администрациясындагы булактарга таянып жазды.
Маалыматка ылайык, акыркы күндөрү Трамп жана анын кеңешчилери кысыкты ачуу операциясы 4–6 жумадан узакка созулушу мүмкүн деген жыйынтыкка келишкен. Президент негизги максат катары Ирандын деңиз флотун алсыратууну жана ракеталык программасын жок кылууну белгилеген.
Булактардын айтымында, бул максаттарга жеткенден кийин АКШ аскердик аракеттерди кыскартып, Тегеранга дипломатиялык басым жасоого өтөт. Эгерде бул аракеттер натыйжа бербесе, Вашингтон Ормуз кысыгын ачуу милдетин Европадагы жана Перс булуңундагы өнөктөштөрүнө өткөрүп берүүнү көздөйт.
Трамптын администрациясы кысыктын стратегиялык мааниси АКШга караганда Европа, Жакынкы Чыгыш жана Азия өлкөлөрү үчүн жогору деп эсептейт. Акыркы жумаларда Вашингтон союздаштарын кысыкты ачуу боюнча сүйлөшүүлөргө же мүмкүн болгон операцияларга даярданууга чакырып келген.
Буга чейин Трамп Ирандагы “жаңы жана акылга сыярлык режим” менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтып, эгер Ормуз кысыгы тез арада ачылбаса, Ирандын энергетикалык объектилерине сокку урулушу мүмкүн экенин эскерткен.
Ошол эле учурда аймакка АКШнын аскердик күчтөрү топтолууда. Алардын катарында деңиз пехотасынын экспедициялык бөлүктөрү жана аба-десант күчтөрү бар экени айтылууда.Ак үйдүн өкүлү Кэролайн Ливитт АКШ кысыктын ишин нормалдаштыруу боюнча иш алып барып жатканын билдирген. Бирок бул негизги аскердик максаттардын катарына кирбей турганын белгилеген.
Ал эми АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио операция бир нече жуманын ичинде аякташы мүмкүн экенин айтып, андан кийинки чечим Иранга байланыштуу болорун кошумчалаган.


